Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жаштар Кеңеши 2019-жылы бир топ ийгиликтерге жетише алды!

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад шаардык комитетинин алдындагы жаштар кеңеши 2019-жылда бир топ жумуштарды жасап ийгиликтерге жетишти.

Айта кетсек “Жаштар үчүн чек ара жок!” аттуу эл аралык фестивалында жаштар кеңеши активдүү катышты. Анда Өзбекстан Республикасынын делегациясы менен эки элдин ортосундагы достук мамилени чыңдоо, миграция жана билим берүү тармагын өнүктүрүү маселелери төрага Максат Мамасыдыков пикир алмашты.

Өзбекстандан келген делегациясына тосуп алууда тартылган сүрөт.

Пикир алмашуудан соң достукту чыңдап жаткан учурдан тартылган сүрөт.

Келген делегация менен таанышкандан соң эстелик сүрөткө түшүп жаткан учур.

Шаардыгаы коомдук иштерге активдүү катышып, жаштардын кадыр баркын көтөрүү менен билим берүү тармагына кошкон салымым үчүн   Жалал-Абад шаардык мэриясы жана шаардык депутаттар кеңешинин  Ардак Грамотасы менен сыйланууга да жетишти.

Андан соң Ысык-Көл облусунун Тоң районунда жайгашкан “Красная гвоздика” эс алуу жайында уюштурулган  республикалык масштабдагы семинарга катышып, Жалал-Абад шаардык Жаштар Кеңешинин иш тажрыйбасы менен таныштыруу менен “Жаштар Кеңеши – Профсоюздун таянычы” аттуу усулдук китепчени райшаарлардан келген делегацияга белек катары тапшырды. Ал китепке Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы Асылбек Токтогулович Токтогулов жаш кадр Максат мырзагы каалоо тилек айтып “Урматтуу Максат  иним профсоюз кыймылынын келечегине кошкон салымың үчүн чоң ыраазычылык билдирем, дагы өзүңдүн чыгармачыл эмгегиң менен келечектүү иштерди жасашыңа тилектешмин” – деп кол коюп берди.

Бул да Жаштар  Кеңешинин жетишкен ийгилиги десек жаңылышпайбыз.

Маалыматты даярдаган:

Жалал-Абад шааркомунун алдындагы

Жаштар Кеңешинин төрагасы

Максат Мамасыдыков