Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жаштар – биздин келечегибиз!

10-ноябрь – Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнү Ноокен районунда салтанаттуу белгиленди. Аталган иш-чарага райондун акими Т.Ишенбеков, орун басары З.Юлдашева, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н.Олжобаев, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ноокен райондук комитетинин төрагасы К.Нышанов жана активдүү жаштар катышты.

Алгач жаштарга маданият бөлүмү жана №8 Т.Орозматов атындагы орто мектебинин окуучулары тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды. Андан соң райондун акими Т.Ишенбеков сөз сүйлөп, өз сөзүндө жалпы жаштарды майрамы менен кызуу куттуктап, алардын иштерине ийгилик каалап, мындан ары да коомдогу активдүүлүктү жоготпой, райондун өнүгүшүнө өз салымдарын кошо беришин каалады.

Иш-чаранын жүрүшүндө райондогу маданий-массалык, спорттук, коомдук иш- чараларга, өзүнүн дилгирлиги менен айырмаланган активдүү жаштарга Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамоталары жана ыраазычылык каттары менен бирге акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Билим берүү тармагынан Ноокен райондук кесиптик бирлик комитетинин инспектору, Жаштар кенешинин төрагасы Т.Бакиров, Ноокен райондук окуу-усулдук каанасынын башчысы У.Уметов, методист, жаштар кенешинин мүчөсү А.Равшанбекова, №42 “Нур-Айым” балдар бакчасынын тарбиячысы А.Маманова сыйланды.

 

Маалыматты даярдаган: Ноокен райКБКнын инспектору Т.Бакиров