Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жашоонун сергек мүнөзү

2016 – жылдын май айында Каракол шаарындагы №2-гимназия-мектебинин спорт залында мугалимдердин спартакиадасы болуп  өттү.Анда спорттун бир нече түрлөрү: волейбол, ордо, тогуз-коргоол, шахмат, стол үстүндөгү теннис, кичи футбол боюнча мелдеш болду.Мелдештин аягында жеңүүчү командалар аныкталып, шаардык профсоюз комитети тарабынан бөлүнүп берилген акчалай сыйлыктар: 1-орунга 4000 сом, 2-орунга 3500 сом, 3-орунга 2000 сом, 4-орунга 1000 сом, 5-орунга 500 сом жана грамоталар тапшырылды.

Жыл сайын жаз-жай мезгилдеринде  СДЮШОР  тарабынан уюштурулган  бул спартакиада мугалимдердин, профсоюз мүчөлөрүнүн  арасында достукту, бир туугандыкты, жамаат ишин чыңдоого жана жашоонун сергек мүнөзүн калыптандырууга арналып өткөрүлүп келет.