Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жашоонун сергек мүнөзү

Чүй райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюзу 2019-Региондорду өнүктүрүу жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата билим берүү кызматкерлеринин арасында “Жашоонун сергек мүнөзү- чын ден соолук” деген лозунгдун алдында жазгы Спартакиада уюштурду. Спартакиаданын максаты билим берүү кызматкерлеринин ден соолугун чындоого, жашоонун сергек мүнөзүнө чакырууга багытталган. Спартакиада райондун 4 регионунда 2019-жылдын 23-мартында ачылган. Спорттун 3 түрү: волейбол, стол тенниси, тогуз коргоол менен коштолгон оюндар Чүй мектеп интернатында, И.Борончиев атындагы, Б.Маленов атындагы, В.Ф.Марков атындагы орто мектептеринде өткөрүлдү. Региондордон женген командалар 2019-жылдын 27-мартында В.Ф.Марков атындагы орто мектебинде райондук масштабда жыйынтык чыгарышты. Волейбол боюнча 1-орун В.Ф.Марков, С.Ибраимов, Сооронбай уулу Дур атындагы мектептеринин билим берүү кызматкерлеринен түзүлгөн командага, 2-орун А.Керимбаев, Б.Маленов атындагы, Прогресс айылындагы орто мектептеринин билим берүү кызматкерлеринен түзүлгөн командага, 3-орун Калча атындагы орто мектебинин командасына ыйгарылды. Стол тенниси боюнча кыздар арасында 1-орун В.Ф.Марков атындагы орто мектебинин мугалими А.Абдымомуновага,  2-орун И.Борончиев  атындагы орто мектебинин мугалими А.Асаналиевага, 3-орун А.Керимбаев атындагы орто мектебинин мугалими Ж.Майрыккевага  ыйгарылды, эркектер арасында  1-орун С.Ибраимов  атындагы орто мектебинин мугалими Т.Джолдошевге,  2-орун Кошой айылындагы  орто мектебинин мугалими Э.Бейшеналиевге, 3-орун Калча  атындагы орто мектебинин мугалими Э.Ибраевге ыйгарылды,

Тогуз коргоол боюнча кыздар арасында 1-орун Калча  атындагы орто мектебинин мугалими Ф.Ниязалиевага,  2-орун А.Керимбаев   атындагы орто мектебинин мугалими А.Мамытовага ыйгарылды, эркектер арасында  1-орун А.Жаманбаев   атындагы толук эмес орто мектебинин мугалими Н.Шейшеевге,  2-орун Ж.Саадаев атындагы толук эмес орто мектебинин мугалими Я.Жунушалиевге, 3-орун С.Ибраимов   атындагы орто мектебинин мугалими З.Мадалбековго  ыйгарылды. Жеңүүчүлөрдү Чүй райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун төрагасы С.Наматов куттуктап Дипломдор жана кызыктыруучу сыйлыктарды тапшырды. Спартакиаданын  жабылышында билим берүү кызматкерлери   оюндун жүрүшү, уюштурулушу боюнча жакшы ойлорун айтышып үйлөрүнө кайтышты.  

 

Чүй райондук билим берүү кызматкерлеринин

профсоюзунун төрагасы Самат Наматов