Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жашоого кошул!

Бириккен Улуттар Уюмунун бангизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын "Жашоого кошул" программасы окуучулар арасында кылмыштуулуктун, зордук-зомбулуктун, банги заттарды колдонууну спорттун жардамы менен алдын алууга багытталган.

Анын алкагында Ноокен районунун мектептеринде “Жашоого кошул” программасын жайылтуу, өздөштүрүү, колдонуу боюнча Момбеков айыл өкмөтүнө караштуу Ж.Турусбеков атындагы №16 орто мектебинде "Жашоого кошул" программасынын тренери Каныбек Сарымсаковдун катышуусунда семинар-тренинг болуп өттү.

Ошондой эле иш чарага Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси У.Шамаматова, райондун аймагындагы мектептердин дене-тарбия мугалимдери, окуучулар катышышты.

Программанын тренери К.Сарымсаков мугалимдерге "Жашоого кошул" программасы боюнча тренинг өтүү менен мугалимдерге көптөгөн жаңы маалыматтарды берип кетти.

Тренингдин практикалык бөлүгү "Жашоого кошул" программасынын негизинде Ж.Турусбеков атындагы №16 орто мектебинин дене-тарбия мугалими Н.Осмонов окуучулары тарабынан өткөрүлгөн ачык саат менен жыйынтыкталды.

Иш-чарага келип катышкан дене-тарбия мугалимдери өздөрүнүн ишинде абдан керектүү жана маанилүү маалыматтарга жана билимге ээ болушкандыктарын айтышып, уюштуруучуларга өз ыраазычылыктарын билдиришти.

 

Маалыматты даярдаган: Ноокен райБББнын адиси У.Шамаматова