Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Жаш профсоюздук лидерлерди даярдоо негизги багыттарыбыздын бири» темасындагы окуу семинары

 

Ноокен  районунун  №34  «Жазгак»,  №13  Рахманжан  атындагы  орто  мектептеринин,  №11 «Ай-Нуру» бакчасынын  базасында  2014-жылдын 23-24-апрель  күндөрү 3  аймактын  88  баштапкы  профсоюздук  уюмдарынын  жетекчилеринин  окуу  семинарлары   «2014-жыл профсоюдук  ишмердүүлүктө  инновациялардын  жана жаштардын    жылы»  иш-чараларынын  алкагында  болуп  өттү.

Окууларда  Кыргызтан  Профсоюздар  Федерациясынын  Кеӊешинин  Президиумунун  27-март  2014-жыл токтому менен  бекитилген  «2014-жылдын  жаш  профсоюздук  лидери»  кароо-сынагыгын  өткөрүлүшү  жөнүндөгү Жобо  таркатылып,  усулдук  жардамдар  берилди.

 №13 Рахманжан  атындагы ортомектебине  жергиликтүү бюджеттен алынган   инновациялык  досканы  пайдалануу  боюнча  мастер  класстар  өтүлдү.  Дем  берүүчү  айлык  акылар  жөнүндөгү    суроолоргого  жооптор мисалдарда,  слайддар  менен берилди.  Борбордук  Комитет  тарабынан  айлык  акылырды  эсептөө  жөнүндөгү  айлыктын  жүрүшү  туралуу  кыскача  маалымат  берилди.   Жогорку  Кенештин  депутаты  Гуласал  Садырбаеванын,  Масы  айылдык  Кеӊешинин  депутаты  Бакыт  Жусупбековтун жардамдары  жана  көмөгу  менен №1 Боконбаев  атындагы  орто мектебинин  38,  №2 Ногоева атындагы  орто  мектебинин  64  мугалимине   «айылдык жерде  жашагандыгы»  макамы   аныкталып  2 мектепке  104.700 сомдон  кошумча   төлөө  чечилди.

Пенсияга  чыгуудагы   документтер  жөнүндөгү  маалыматтар  менен  окуу  улантылды.  3  тараптуу,   жамааттык    келишимдерди   түзүү  жөнүндө иш  тажрыйбалар   алмашылды. Окуу  семинары  баштапкы  уюмдардын  иш  кагаздары  боюнча  суроо  жооптор   менен  аяктады.