Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жаш мугалимдерге өзгөчө мамиле

 

Баткен районунун билим берүү мекемелерине жаңыдан жумушка келишкен  жаш мугалимдерди жумушка кабыл алуу аземи Баткен музакалык-драма театрында билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен кошо өткөрүлдү. Эмгек ардагерлери -  райондук билим берүү бөлүмүнүн мурдагы башчысы Р.Абдиева, КР эмгек сиңирген мугалими К.Абдырахманов,  кыргыз тили жана адабияты мугалими Б.Бурханова жаш мугалимдерди агартуу майданындагы алгачкы кадамдары, алгачкы кесиптик майрамдары менен куттукташып, келечектерине ийгилик каалашты.

 

Жаш мугалимдер жакшы ниет менен окуп алган билимдерин жаш мугалимдерди учурдун талабына ылайык окутуп, тарбиялоого  жана билим берүүнүн пайдубалын түптөп, мугалимдердин кийинки муундарына ыйык бойдон тартуулап келишкен тажрыйбалуу мугалимдердин жолун жоопкерчилик менен улантууга салтанаттуу убада беришти.

 

Жогорку окуу жайларын бүтүрүп келишип, билим берүү мекемелеринде жаңыдан эмгек жолун баштаган 30, өткөн окуу жылында жумушка орношуп, иштөөнү улантып жатышкан 10  жаш мугалимдердин ар бирине  раймамадминистрациянын башчысы – аким С.Калыков 500 сомдон,  райондук кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Т.Жумаев 500 сомдон акчалай сыйлыктары берилди. Мындан тышкары 30 жаш мугалимге райондук кесиптик бирлик комитетинин бюджетинен ар бири 420 сомдук усулдук китептер жана окуу куралдары салынган портфелдер тапшырылды.

 

Салтанаттуу жыйын райондун айыл өкмөттөрү тарабынан уюштурулган сый-тамак менен улантылды.

 

 

Б.Абдыразакова

Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен райондук комитетинин жетектөөчү адиси