Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жаш жеткинчектерди кубанычка бөлөгөн бала бакча

Таш-Көмүр шаарына караштуу Теңдик аймактык башкармалыгында көптөн күткөн жаңы бала бакча ишке берилди.Быйылкы окуу жылдын ноябрь айынын башында  Теңдик айылында биринчи бала бакча ачылды. Айылда жашаган ата-энелердин жана жаш жеткинчектердин кубанычында чек жок. Бул бакчага  №9  “Ай-Данек” аты берилди. Бала бакчанын ачылышына айыл эли түп көтөрулуп келип куттуктоолорун айтышып сүйүнүчтөрүн жашыра алышкан жок. Шаардын мэри Р.А.Асаналиев, Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлумүнүн башчысы Т.К.Шабданов,жетектөөчү адис Асилбек кызы Жыпара жана шаарга караштуу бала бакчалардын башчылары куттуктоо создөрун айтышып,алып келген белектерин тапшырып жатышты.Бул бала бакча айыл элине көп жыл кызмат кылып, уясынан миңдеген жаш жеткинчектерди учуруп келечекке жаркын жол тартуулайт деген үмүттөбүз.

 

Материалды даярдаган:

Э.Ж.Эгизалиева