Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жаш профсоюз лидерлери - татыктуу эмгек, татыктуу жашоо үчүн!!!

2019-жылдын 26-сентябрь күнү  Баткен шаарынын Балдар чыгармачылык борборунда Баткен областынын баштапкы профсоюз комитеттеринин жаш төрагалары жана райондук,  шаардык профсоюз комитеттеринин жаштар кеңештери үчүн “Жаш профсоюз лидерлери - татыктуу эмгек, татыктуу жашоо үчүн !!!” деген темада  областтык семинары болуп өттү.

Иш чаранын максаты райондук, шаардык профсоюз комитеттеринин алдындагы жаштар кеңештеринин жана баштапкы профсоюз комитеттеринин жаш төрагаларынын  укуктук билимдерин жогорулатуу болду.

Семинарды билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитетинин төрагасы З.Бөтөков ачып, областтык комитеттин уюштуруу, укук иштери боюнча адиси К.Акимов баштапкы профсоюз уюму жана жаштар кеңеши, лидерлик искусство жана жаш лидерлер жайкы мектеби жөнүндө, Баткен райондук профсоюздун төрагасы А.Заитов социалдык өнөктөшүү: макулдашуу (жамаатык келишим) укуктук негиздер, уюштуруу, жыйынтыктоо жөнүндө кеңири маалымат беришти. РПК, ШПКнын жаштар кеңешинин төрагалары жана семинардын жалпы катышуучулары РПК, ШПКнын жаштар кеңешинин иштери менен тааанышышып, логотиптери, иш пландары жана өткөргөн иш чаралары  боюнча талкуулашты. 

 

Материалды даярдаган:

Марина Сагалиева