Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Жаш профсоюз лидерлери-татыктуу эмгек үчүн»

2019-жыл «Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү  санариптештирүү» жылынын  алкагында 2019-жылдын 5-ноябрь күнү Өзгөн райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитети тарабынан «Жаш профсоюз лидерлери-татыктуу эмгек үчүн» деген темада райондун мектептериндеги жана бала бакчаларындагы жаш профсоюз лидерлери, жаӊыдан шайланган профсоюз уюмдарынын төрага, төрайымдары үчүн райондук деёгээлдеги семинар өткөрүлдү.

Семинарды  Өзгөн райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин төрагасы  И.Мырзамидинов ачып, профсоюздар жана алардын ишмердүүлүктөрү жөнүндө семинардын катышуучуларына кенири маалымат берди.

Семинардын күн тартибиндеги «Баштапкы кесиптик бирлик уюмунун укуктары жана милдеттери», «Лидерлик жана оратордук сапаттын өзгөчөлүктөрү», «Профсоюздук кызматкердин этикасы» жөнүндө, «Кызматкерлердин жана иш берүүчүлөрдүн негизги укуктары жана милдеттери» деген темалар боюнча материалдар Өзгөн РПКнын инспектору А.Бөлөкбаев тарабынан слайд аркылуу көрсөтүлүп, түшүнүк берилди.

Мындан сырткары А.Бөлөкбаев семинардын катышуучуларына 2019-жылдын 23-26-августь күндөрү Ысык-Көлдө  «Центр Солидарности» уюму тарабынан уюштурулган   «Жаш Лидерлер Мектеби» жайкы окуу семинары боюнча маалымат берип, окуу семинардан алган  «Лидерлик сапат жана оратордук чеберчилик», «Эмгек укуктары боюнча эл аралык стандарттар»,  «Массалык маалымат каражаттары менен кызматташуу» жөнүндөгү темалар боюнча  билимдерин семинардын катышуучулары менен бөлүштү.

 

Материалды  даярдаган:

 Өзгөн РПКнын инспектору А.Бөлөкбаев