Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жаш профлидерлер - биздин таянычыбыз.

2018-жылдын 7-9-август күндөрү “Арстанбап-Ата” турбазасында Билим берүү жана илим кызматкерелеринин профсоюзунун  Жалал-Абад облустук комитетинин жаштар кеңешинин иш-планына ылайык “Борбордук Комитеттин Жаштар Кеңештеринин иштерин уюштуруу жөнүндөгү токтомдорун турмушка ашыралы!” темасында облустук профсоюздук иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чарага райшааркомдордун жаштар кеңештеринин төрагалары, облустук комитеттин жооптуу кызматкерлери катышышты.

Иш-чаранын 1-бөлүгүндө төмөндөгү темалар боюнча методикалык материалдар берилди:

  1. “Борбордук Комитеттин Жаштар Кеңештеринин иштерин уюштуруу жөнүндөгү токтомдорун турмушка ашыралы!” Облустук жаштар кеңештеринин төрагасы З.Сулаймановдүн билдирүү маалыматы.
  2. “Жаштар кеңештерин укук жана эмгекти коргоо багытындагы ишмердүлүүгүн уюштуруу”
  3. “Жаштар кеңештерин массалык маалымат каражаттары менен иштөөдөгү орду” темалары боюнча обкомдун инспектору А.Айдаровдун усулдук материалдары видиоролик жана слайддар жардамында берилди.
  4. “Жалал-Абад шааркомунун жаштар кеңештери иш тажрыйбасы” боюнча төрагасы М.Мамасадыковдун маалыматы видио жана сайддар менен берилди.
  5. “Ноокен райкомунда укук жана эмгек коргоо багытында жургузулуп жаткан  иштер тажрыйбасынан” райкомдун инспектору Т.Бакировтун маалыматы слайддар менен берилди.

Иш-чаранын 2-бөлүгүнда  талкуулар жургузулуп, суроолорго жооптор берилип, жаштар менен иштоо боюнча багыттар жана милдеттер белгиленди.

Иш-чаранын 3- бөлүнгүнда жаштар менен өткөрүлүүчү маданий-массалык иш-чаралар боюнча практикалык иштер өткөрүлдү.

Катышуучулар облустук комитетке жана облустук жаштар кеңешине ыраазычылыктар билдирип, алдындагы милдеттерди белгилеп кайтышты.

Материалды даярдаган: Обкомдун инспектору-А.Айдаров.