Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жаш мугалимдердин демилгелери колдоого алынды

2021-жылдын 14-18-август күндөрү Ысык-Көл облусунун Корумду айылындагы Simiram пансионатында “Тынчтык жана өнүгүү институту” (IPD)Коомдук фондунун“Жаш тынчтык куруучулар” долбоорунун алкагында 5 күндүк тынчтык демилгелерин иштеп чыгуу боюнча окуу тренинги жыйынтыкталды. Анда 7 областтан жалпы 28 жаш мугалим катышып, алардын катарында Жалал-Абад областынын Ноокен районунан 2, Сузак районунан 1, Жалал-Абад шаарынан 1 мугалим катышты.

Тынчтык жана өнүгүү институтуКоомдук фондунун директору У.Нурумбетов, координатору Н.Алдашова, эксперт Б.Эгембердиев, менторлор У.Уметов, К.Сагынбаев, Т.Бейшенбеков, А.Алманбет кызы 5 күн аралыгында жаңы түзүлүп жаткан тынчтык клубдарынын туруктуулугу, стратегиялык багыттары, тынчтык клубдарынын уюм катары өнүгүүсү, тараптар менен кызматташуу, социалдык долбоор деген эмне?, “Кыргыз жараны” концепциясын ишке ашыруу боюнча кеңири маалыматтарды беришти. Андан сырткары жаңы клубдар тарабынан иштелип чыккан демилгелер менен таанышып, өзгөртүү жана толуктоо боюнча сунуштарын беришти.

Ар бир тынчтык куруу клубдарынын демилгелерин ишке ашыруу максатында“Тынчтык жана өнүгүү институтунун”Коомдук фонду тарабынан 49 000 сом акча каражаты гранттык негизде берилет. Бул окуу семинарында маанилүү жана пайдалуу билимдерге ээ болуп, башка тынчтык клубдары менен тажрыйба алмашканга мүмкүнчүлүк жаратты.

Окуу семинары жогорку денгээлде уюштурулуп, өткөрүлдү. Андыктан “Тынчтык жана өнүгүү институтунун”Коомдук фондуна өзүмдүн жана жаңы тынчтык клубдарынын атынан терең ыраазычылык билдиребиз.

 

Маалыматты даярдаган: Ноокен райКБКнын инспектору Т.Бакиров