Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жаш мугалимдердин ант берүү аземи жана профсоюз уюмуна салтанаттуу мүчө болушу

Таш-Көмүр шаарына караштуу №14 Т.Шадыханов атындагы инновациялык гимназия мектебинде жакшы саамалык болуп өттү.Жылда салтка айланган “Жаш мугалимдердин анты жана профсоюз уюмуна салтанаттуу кирүү”иш чарасы өлкөбүздөгү пандемиялык кырдаалга байланыштуу февраль айына туш келди.Быйылкы 2020-2021-окуу жылына карата мектебибизде 5 жаш адис окууларын аяктап алгачкы эмгек жолдорун баштап отурушат.Мектеп админстрациясы жана профсоюз уюму менен биргеликте атайын иш чара уюштурулуп,жаш мугалимдер өз милдетин так аткарууга ант беришип,профсоюз уюмуна мүчөлүккө дагы кабыл алынышты.Мектептин директору Н.Атаярова сөз сүйлөп,чыгармачылык ийгилик каалады.Ошондой эле баштапкы профсоюз уюмунун төрайымы Г.Жуманалиева профсоюздук күбөлүктү,эстелик баракчасын тапшырып,өз куттуктоо сөздөрүн,жакшы тилектерин айтты.

 

Материалды даярдаган:Г.Жуманалиева №14 Т.Шадыханов атындагы инновациялык гимназия мектебинин баштапкы профсоюз уюмунун төрайымы