Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жаш Лидерлер Мектеби-2020.

Жаш Лидерлер Мектеби-2020.

 

2020-жылдын 10-14-сентябрь күндөрү «Центр Солидарности» эл аралык уюму тарабынан Ысык-Къл облусундагы «РАДУГА» эс алуу борборунда «Жаш Лилерлер мектеби -2020» аталышында семинар-тренинг өткөрүлдү. Семинар-тренинг жаштардын эмгек укуктары боюнча базалык билимдерин жогорулатуу, татыктуу эмгек шарттарын камсыздоо, жаштардын жарандык активдүүлүгүн жогорулатуу максатында өткөрүлдү. Жогорудагы аталган семинар-тренингге Ош областтык билим, илим кызматкерлеринин профсоюз комитетинин алдындагы Жаштар Кеңешинин төрагасы, Өзгөн райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин инспектору Бөлөкбаев Артык катышып, «Эмгек укуктары», «Миграция», «Профсоюздук кыймыл», «Массалык маалымат каражаттары менен кызматташуу», «СММ», «Гендер», «Социологиялык изилдөөлөр» боюнча базалык билимдерди алып келди.