Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жаш адистерге камкордук

2021-жылдын 24-ноябрь күнү Өзгөн районундагы Төрт-Көл айыл өкмөтү тарабынан айыл өкмөттүн аймагында жайгашкан мектептерге окуу жайды жаңы бүтүп келип педагогикалык эмгек жолун баштаган жаш адистерге жергиликтүү каражаттын эсебинен жөлөкпулдар тапшырылды.

Жаш адистерге жөлөкпул тапшыруу салтанатына Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы Ө.Эсенбаев, айылдык Кеңештин депутаттарынын өкүлдөрү, айыл башчылары, Өзгөн райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин төрагасы И.Мырзамидинов, мектеп директорлору жана мектептин баштапкы кесиптик бирлик комитетинин төрайымдары катышты. Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы Ө.Эсенбаев тарабынан айыл өкмөттүн аймагында жайгашкан мектептерге келип иштеп  жаткан 6 жаш адиске жөлөкпулдарды тапшырып, педагогикалык ишине чыгармачылык ийгиликтерди каалады.

Ошондой эле Т.Асранов атындагы инновациялык мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Апилова Назирага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасын райондук профсоюз комитетинин төрагасы И.Мырзамидинов тапшырып, педагогикалык ишине чыгармачылык ийгиликтерди каалады. Райондук профсоюз комитетинин төрагасы И.Мырзамидинов чыгармачылык менен эмгектенген, райондук, областтык кароо-сынактардын жеңүүчүсү Апилова Назиранын педагогикалык ишмердүүлүгүн баса белгилеп, анын окуучулары 2020-жылы «Манас таануу» интелектуалдык теле таймашта республикада I орунду ээлегендигине токтолду.

Салтанатка катышкан билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин райондук комитетинин төрагасы И.Мырзамидинов өзүнүн жыйынтыктоо сөзүндө жаш адистердин педагогикалык ишине ийгиликтерди каалап, мугалимдерге көрсөткөн социалдык колдоолору үчүн Төрт-Көл айыл өкмөтүнө жана айылдык Кеңешке ыраазычылыгын билдирди.

Мектеп директорлору К.Камаева, Б.Көчкөнбаева, Н.Абакирова жана жаш адистердин атынан Т.Асранов атындагы инновациялык мектебинин тарых мугалими Абдимамат уулу Барсбек айыл өкмөткө, айылдык Кеңешке жана райондук профсоюз комитетине жаш адистерге көрсөткөн колдоолору үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.

 

Маалыматты даярдаган: Өзгөн райондук кесиптик бирлик комитети