Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жардам көрсөтүү улантылууда

      2017-жылдын 16-май күнү Ош областтык билим, илим кызматкерлеринин профсоюз комитетинин төрагасы С.Тойгонбаев,  билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Өзгөн райондук комитетинин төрагасы И. Мырзамидиновдор Өзгөн районунун Зергер айыл өкмөтүнүн аймагындагы Аюу айылында жер көчкүдөн жабыркаган, башкача айтканда жер көчкүдө калып, шейит кеткен Б.Тешебаев атындагы орто мектебинин башталгыч класстын мугалими Абдразакова Рахиманын жана аскерге чейинки даярдык сабагынын мугалими Коргонбаев Маматалинин үй-бүлөсүнө көӊүл айтып, маркумдарга куран окуп, акчалай  жардам көрсөтүштү.  Жүрөк сыздаткан табигый кырсыктан жабыркагандарга колдоо, жардам көрсөтүү бул алгачкысы жана акыркысы эмес. Алсак буга чейин да билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Өзгөн райондук комитети тарабынан, райондук билим берүү бөлүмү жана үч аймактын мектеп жетекчилер тобу тарабынан тамак-аш продуктылары менен гуманитардык жардамдар көрсөтүлгөн. 

     Областтык жана райондук профсоюз комитеттеринин көрсөткөн акчалай жардамына, колдоосуна  мектептин баштапкы профсоюз уюмунун төрагасы Жаманкулов Дастан жабыркагандардын үй-бүлөө мүчөлөрүнүн жана педагогикалык жамааттын атынан ыраазычылыгын билдирди. 

     Өзгөн РПКнын

           кызматкери:                       А. Бөлөкбаев.