Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жаратмандын кезектеги адамдыкка сапары

Конокто белгилүү педагог Кыялбек Акматов...
Жаштарды ар дайым жакшылыкка үндөп, сабактан тышкаркы убакытты текке кетирбей чыгармачылык менен алектенүүгө чакырган “Жаратман” чыгарамачылык борборунун бүгүнкү күнү да жакшы саамалык менен коштолду. 
“Баланы тарбиялоодогу адашуулар” бүгүнкү сабак дал ушул темада болуп, аны белгилүү адабиятчы, Ош шаарындагы "Жетиген" мектеп-лицейинин директору, педагогика илимдеринин кандитаты, доцент Кыялбек Акматов өттү. Жаштарга өзгөчө таасирлерди калтырган агайдын сабагы өзүнө бир топ пайдалуу кеңештерди камтып кетти. Мында конок студенттер менен педагогика жаатындагы турмуштук тажрыйбаларын бөлүшүп, балага туура тарбия жана билим берүү учурдун эң чоң көйгөйү экенин баса белгиледи. Алдыда мугалимдик кесиптин даамын татып, мыкты адис болуу үчүн аракетти бүгүндөн баштоону кеңеш кылуу менен өз кесибин сүйүүгө үндөп өттү. Ошондой эле окурмандарга зарыл болгон китептерди сунуштап, китепке болгон кызыгууну байытуу керектигин эскертти. Ал эми тренингдин катышуучулары бул сабактан өздөрүнө дагы бир жолу тажрыйба арттырып, билим көрөңгөсүн толтуруу менен кызыкдар болгон суроолоруна жооп ала алышты.
“Жаратман” чыгармачылык борбору ар дайым жаштар менен, жаңы күнгө кадам таштайт.

 

Материалды даярдаган:

Кубаныч Жылкычы уулу