Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«ЖАНЫ ЫСЫМДАР» адабий фестивалы

     «2017-жыл Ыйман, адеп жана маданият жылынын» иш чараларынын алкагында Кадамжай районуна караштуу Кадамжай шаарында жаш акын-жазуучулардын Эгемберди Эрматов атындагы Республикалык «Жаны ысымдар» адабий фестивалы  болуп өттү. Фестивалга республиканын жети дубанынан жаш акын жазуучулар келип катышты. Фестивалдын ачылыш аземинде  Эгемберди Эрматовду ээрчиген жаш чыгармачыл  инсандардын көргөзмөсү жайылды. Ошондой эле,  иш чараны Кадамжай районуна караштуу мектептер арасындагы  «Аалам- гүлдөргө жылмаят»  аттуу гүл   фестивалы коштоду.