Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жаны төрагага усулдук жардам берилди

        2017-жылдын  13-майында Билим, илим кызматкерлеринин  кесип  бирлигинин  Жалал-Абад  облустук  комитетинин иш планына  ылайык  жана  «2017 жыл-тармакта адептүүлүк  жана  укуктук  маданиятти  жогорулатуу  жылы»  иш-чараларынын  алкагында  Базар-Коргон  раонундагы №4  Наваи  атындагы орто  мектебинин  базасында райондун  баштапкы  кесиптик  уюмдарынын  төрагалары  үчүн облустук   көчмө семинар  болуп  өттү. Семинарды облустук  комитеттин  төрагасы А.А.Исмилов  ачып, облустук билим  берүү  тармагындагы максаттар  жана чечилүүчү  маселелерге  токтолуп, тармактык  кесиптик  уюмдун   алдындагы  милдеттерин ачык  айыкын   мисалдар  аркылуу  баяндады. Семинарда төмөнкү  темалар боюнча  усулдук  материалдар берилди:

1.Баштапкы  кесиптик   уюмдардын  ишмердигинин мыйзамдык  негиздери.

2.Баштапкы  уюмдардын ишин  пландаштыруу жана мүчөлөрдүн  укуктарын  коргоону уюштуруунун   негизги  багыттары.Темалары боюнча  Ноокен   райкомунун укук  жана  эмгекти  коргоо  боюнча  тескөөчүсү  А.Айдаров маалыматтар берди.

 3.Макулдашуулар,  3 тараптуу  келишимдерди  түзүү жана ишке  ашыруунун жолдору.

4.Эмгекти коргоо  жана  коопсуздукту   камсыздоодогу  баштапкы  кесиптик  уюмдардын  орду. Темалары  боюнча обкомдун  болум  башчысы  А.Т.Бегматов  билдирүү жасады.

5.Баштапкы  кесиптик  уюмдарда  финансалык   каражаттарды максаттуу   пайдалануу  жана докуметтерди түзүүдөгү талаптар  темасында обкомдун  бөлүм  башчысы  З.Зулуев маалымат  берди.

Семинардын  катышуучулары  тарабынан  көп   суроолор  берилип, тийиштүү  жооптор алышты. Семинарда райБББнун  башчысынын орун  басары, райБББнун  борборлоштурулган  бухгалтериясынын  башкы  бухгалтери   катышып кесиптик  уюмдар  менен биргеликте  аткарыла   турган  иштер  тууралуу  ой  пикирлерин билдиришти.

Райондук  комитеттин  жаны  төрагасы  С.Жаркынбаев сүйлөп, обкомдун жамаатына  ыраазычылык  билдирип, семинар  жаны  башталган  ишке  негизги  багыт  жана  милдеттерди  аныктап  бергендигин  белгиледи.

Семинарды А.А.Исмаилов  жыйынтыктап, Базар-Коргондук  кесиптештерге кесиптик уюмдун мүчөлөрүнүн  укуктарын  коргоо  жана  социалдык-экономикалык  маселелерин  чечүүдөгү  иштеринде  ийгиликтер  каалады.

Семинардын  катышуучулары мектептин  күнөсканасы  менен  таанышып, мектептин директору «Кыргыз  Республикасында  эмгек  сиӊирген  мугалим» Кадыров  Мамасалы  ажы  агайдын жана жамааттын  иштерине  ийгиликтер  каалашти.

Жалал-Абад обкомунун  уюшутуруу бөлүмү