Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ЖАМУДА ЖАЙКЫ ЭС АЛУУЛАР СТАРТ АЛДЫ!

Мына,  жайдын аптаптуу күндөрү күчүнө кирип, сыдырым жел, койуу көлөкө, муздак суу кимдерди гана саматпайт...

ЖАМУда да окуу процесстери соңуна чыгып, студенттер  каникулга тарашып, кызматкерлер эмгек өргүүсүнө жол тартып турган учур. Жыл сайын эле ЖАМУнун профсоюздук комитети профсоюз мүчөлөрүнүн эс алуусун уюштурууга олуттуу көңүл буруп, мүмкүнчүлүккө караша каржылык колдоо көрсөтүп келүүдө. Быйыл да  профкомду түзгөн бардык баштапкы профсоюздук уюмдарга каржылык каражаттар бөлүнүп берилип, жетекчилер администрация менен биргеликте уюштуруу иштерин аткарышып, 2019-жылдагы  Жайкы эс алуулар  старт алды!

Көч башы болуп, 26-июнь күнү баштапкы профсоюздук уюмдун жетекчиси Замирбек Джангибаевдин уюштуруусу менен, кенже көмөк көрсөтүүчү кызматкерлердин жамаатынын 39 кызматкеринен турган биринчи тобу,  Кара-Алма токоюнун  эс алуу жайына бир күндүк эс алууга чыгып келишти. Алар менен ЖАМУнун профкомунун  төрагасы К.М.Болотбеков, ЖАМУнун чарбалык иштер боюнча проректору С.Уметовдор  кошо барышып, көңүл бурулгандыгы  катардагы техникалык кызматкерлерди кубандырды.. 29-июнь күнү Экономика-Юридикалык факультетинин жамаатынын 27 мүчөсу, баштапкы профсоюз уюмунун жетекчиси Нурбек Мусакуловдун уюштуруусу менен Базар Коргон районундагы айтылуу “Арстанбап-Ата” туристтик базасына  барып, көңүлдүү эс алып келишти.  Ал эми Медицина факультетинин жамаатынын 80 мүчөсү Чоюнова Айжандын уюштуруусу менен Кара-Алма эс алуу борборунда эки күндүк эс алууда болушту. Жалал-Абад колледжинин жүздөн ашык мүчөсү Эмилова Гүлнаранын жетекчилиги менен 30-июнь күнү барышып, түрдүү оюн-зоок, мелдештерди уюштурушуп, ЖАМУнун профкому тарабынан берилген   байгелерди  колледждин директору тапшырып,көңүлдүү эс алышты.  30-июнь күнү Медициналык колледждин 69тан ашык кызматкери,   баштапкы уюмдун жетекчиси Г.Алимбаеванын ующтуруусу менен, 2-июль күнү болсо, Табигый–техникалык факультеттин баштапкы профсоюз уюмунун жетекчиси Замирбек Ташиев уюштуруп, 40тан ашык  профсоюз мүчөсү эс алып келишти. Калган бөлүм, факультеттер 6-7- июль күндөргө пландаштырылууда.

Эс алуу – чың ден соолукка өбөлгө! Чың ден соолук – адамдын физикалык, руханий жана социалдык абалынын айкалышып, төп келишүүсүнүн  ширелишкен гармониясы! Профсоюз - ушул гармонияга  шыктандыруучу зор күч! 

 

                                     
Даярдаган:

Н.Баитова