Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ЖАМУ: Окуулар аралаш окутуу форматында жүрүп жатат

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин КРнын Саламаттык сактоо министри А.С.Бейшеналиев менен макулдашылган 2020-2021-окуу жылынын жазгы семестринде  аралаш окутуу форматында Кыргыз Республикасындагы жогорку жана орто кесиптик окуу жайларында окуу процессин уюштуруунун алгоритмине негизделген, “2020-2021-окуу жылынын жазгы семестринде окуу процессин аралаш окутуу форматында уюштуруунун алгоритмин бекитүү жөнүндө”  2021-жылдын 13-январындагы №19/1 буйругун жетекчиликке алуу менен, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректорунун 2021-жылдын 27-январындагы  №18 буйругу боюнча 8-февралдан баштап,  медициналык колледжде окуу иштери  аралаш окутуу форматында  жүргүзүлө баштады. ЖАМУнун профсоюздук комитетинин туруктуу комиссиясынын мүчөлөрү 2021-жылдын 3-февралында окуу жайыбыздын жетекчилиги жана Жалал-Абад областы боюнча кызматтын иш аракетин координациялоо милдети жүктөлгөн Жалал-Абад шаардык оорууларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери менен биргеликте окуу жайдын  санитардык-эпидемиологиялык  эрежелерге, нормаларга жана гигиеналык талаптарга шайкеш келүүчүлүгүн текшерүүгө катышып, аталган борбор тарабынан окутуунун салттуу формасын аралаш уюштурууга уруксат  алынган. Аталган комиссия “Эмгек кодексинин 32-беренеси, “Кесиптик бирликтер жөнүндөгү” мыйзамдын 14-беренеси, “Эмгекти коргоо” мыйзамынын 19-беренеси жана Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Уставынын      10-пунктунун негизинде  окуу жайыбызда  санитардык-эпидемиологиялык   шарттардын аткарылышын коомдук көзөмөлгө алып, коопсуздукту сактоо  иш-чараларынын абалына  администрация менен биргеликте тийешелүү жардам берүүнү  уюштурууга, көмөк көрсөтүүгө сунуш берет.

ЖАМУнун профсоюздук комитети

Даярдаган:Нуржан Баитова 13.02.2021-жыл. Жалал-Абад шаары