Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жамааттык келишимдердин аткарылышы жөнүндө райондук семинар

       Жалал-Абад областына караштуу Сузак районундагы Ю.Гагарин атындагы орто мектебинин профсоюзунун баштапкы уюмунда “2018-жыл – Региондорду өнүктүрүү жылында” жамааттык келишимдердин аткарылышынын жүрүшү, ийгиликтер жана көйгөйлөр жөнүндөгү маселе баштапкы профсоюздук уюмдардын төрагаларынын катышуусунда райондук семинарда талкууланды.

         Семинардын жүрүшүндө мектептин жааматтык келишиминде көрсөтүлгөн милдеттердин тийиштүү тараптар аркылуу аткарылышына көңүл бурулду. Айрыкча, КР Билим берүү жөнүндөгү мыйзамынын 32-беренесинде көрсөтүлгөн жаш адистерге он эсе өлчөмүндө бир жолку берилүүчү жөлөкпулдун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан төлөнүп берүүсү жөнүндөгү маселе курч коюлду.

Профсоюздун Сузак райкомунун

басма сөз катчысы: З.Киргизбаев