Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Жамааттык келишим”

Панфилов райондук Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлиги тарабынан 4-ноябрда Захарченко атындагы Чалдовар №1 жалпы билим берүү орто мектебинин базасында “Жамааттык келишим” темасындагы семинар-тренинг өткөрүлдү. Семинар-тренингге райондук баштапкы кесиптик бирликтеринин төрага, төрайымдары катышты. Тренингдин максаты: профсоюз мүчөлөрүнүн эмгектик укуктарын белгилөө, кызматкер менен иш берүүчүгө иштин ыңгайлуу шарттарын түзүү, укуктарын жана таламдарын коргоо максатында жамааттык келишим менен жетекчи менен кызматкердин ортосундагы мамилелерди жөнгө салууга багытталган келишимдин долбоорун түзүү. Ар бир баштапкы кесиптик бирлик жамааттарда талкуулашып жетекчилери менен бирдикте келишимди кабыл алуу.

Семинар-тренигде жамааттык келишимдин долбоору слайд аркылуу көргөзүлүп, урунттуу маселелери талкууга алынды. Ошондой эле топтор менен иштөөдө жамааттык келишимди аткарууда кезигүүчү көйгөйлүү маселелер талкууланды.

 

Маалыматты даярдаган: Панфилов райКБКнын төрайымы А.Абдраимова