Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Жалпы республикалык тестирлөөнүн бүтүрүүчүлөр үчүн маанилүүлүгү”

2020-жылдын 17,18-декабрь күндөрү Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу №9 У.гулматов жана №10 А.П.Гайдар атындагы орто мектептеринде 11-класстардын окуучулары жана ата-энелери, предметтик мугалимдери үчүн “Жалпы республикалык тестирлөөнүн бүтүрүүчүлөр үчүн маанилүүлүгү” деген темада семинар болуп өттү. Семинарга бүтүрүүчү класстардын ата-энелери, окуучулар жана предметтик мугалимдер катышып, семинар билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Ж.М.Душобаеванын демилгеси менен өткөрүлдү. Семинарга ата-энелерге жана бүтүрүүчү класстарга кесип тандоо багытында түшүнүк берүү үчүн И.Раззаков атындагы лицейдин математика мугалими, окуу бөлүмүнүн башчысы Ж.Ю.Анназаров чакырылып, окуучулардан кесипке багыт берүүгө багытталган тестирлөө өткөрүлүп, тестирлөө жыйынтыгына карап кесип тандоо боюнча сунуштар берилди. Билим берүү бөлүмүнун башкы адиси Ж.М.Душобаева жалпы республикалык тестирлөөнүн 3 (үч) жылдык жыйынтыгын салыштыруу менен компьютерде презентациялап берди. Ошондой эле жогорку жана атайын кесиптик окуу жайларга кабыл алынуунун акыркы үч жылдыгын, анын ичинде гранттык жана келишимдик негизде окуп жаткан окуучулардын саны менен тааныштырып өттү. Андан кийин шаардагы окуу борборлору кошумча окутуу боюнча окуу курстары боюнча кеңири маалымат беришти. Семинардын соңку бөлүгундө катышуучуларга мектеп жетекчилиги тарабынан ата-энелер менен мектеп жамааты чогуу, тыгыз байланышта иштөө пландарын тааныштырып өтүштү. Билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Кызыл-Кыя шаардык комитетинин төрайымы М.А.Буванова жалпы республикалык тестирлөөдө жакшы жыйынтыкка жетишкен мугалимдерге дем берүү, шыктандыруу багытында жогорку упайларды алган бүтүрүүчүлөрдүн предметтик мугалимдерине акчалай сыйлыктарды жана  (үч) тараптуу келишимдин негизинде “Алтын сертификат” алган бүтүрүүчүнүн предметтик мугалимдерин чет өлкөгө эс алууга жолдомо берүүнү айтып мугалимдерге стимул берүү менен семинар жыйынтыкталды.