Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Жалпы республикалык тестирлөөгө даярдануунун натыйжалуу жолдору”

2020-жылдын 10-декабрь күнү Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу №2 Кыргызстандын 50 жылдыгы атындагы орто мектебинин базасында  жалпы билим берүүчү мектептердин окуу бөлүмдөрүнүн башчылары, 11-класстардын окуучулары жана ата-энелери үчүн “Жалпы республикалык тестирлөөгө даярдануунун натыйжалуу жолдору” деп аталган семинар-тренинг болуп өттү. Семинар-тренингге карантин шартын эске алуу менен учурдун актуалдуу темасы экендигине карабастан ар бир мектептен бирден гана бүтүрүүчү ата-энеси менен чакырылды. Семинарды өткөрүүнүн негизги максаты: бүтүрүүчүлөргө жана алардын ата-энелерине жалпы республикалык тестирлөөгө даярдануунун натыйжалуу жолдорун, даярдануудагы ийгиликтүү булактар менен тааныштыруу жана окуу бөлүмдөрүнун башчыларына ЖРТдө жогорку жыйынтыкка жетишүүгө усулдук жардам берүү болуп саналды.Семинар-тренинг интерактивдүү формада болуп, топтордо иштөө жүргүзүлдү. Семинар-тренингдин жыйынтыктоочу этабында катышуучуларга семинардын материалдары таратылып, ар бир катышуучу өз мектебинде өтүүсү боюнча тапшырмаларды алышып, рефлексияда катышуучулар бүгүнкү күндү натыйжалуу өткөрүшкөңдүгүн, эң керектүү маалыматтар менен акыл куржундарын байытышкандыгын айтышты. Билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Кызыл-Кыя шаардык комитетинин төрайымы М.А.Буванова жалпы республикалык тестирлөөдө жакшы жыйынтыкка жетишкен мугалимдерге дем берүү, шыктандыруу багытында жогорку упайларды алган бүтүрүүчүлөрдүн предметтик мугалимдерине акчалай сыйлыктарды жана  (үч) тараптуу келишимдин негизинде “Алтын сертификат” алган бүтүрүүчүнүн предметтик мугалимдерин чет өлкөгө эс алууга жолдомо берүүнү айтып мугалимдерге стимул берди.

Маалыматты даярдаган билим берүү

бөлүмүнүн башкы адиси:  Ж.М.Душобаева