Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жалал – Абад облусунда «Жаш профсоюз лидери» кароо – сынагы жыйынтыкталды

2014-жылдын 5-ноябрында билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад обкомунда Борбордук Комитети тарабынан «2014-жыл - жаштар жана профсоюздардын ишмердүүлүгүндөгү инновациялар жылы» деген девиздин астында жарыяланган республикалык кароо-сынактын облустук туру жыйынтыкталды.

      Аталган кароо-сынактын алгачкы этабы райондук, шаардык комитеттеринде өткөрүлүп, жеӊүүчүлөр облустук турга катышууга укук алышкан.

      Ала-Бука, Жалал-Абад, Базар-Коргон, Ноокен райшааркомдору (төрагалары Ж.Дурусалиев, З.Тургунбаева, Б.Калимбетов, А.Айдаров) бул маанилүү маселеге олуттуу мамиле жасашты.

      Кароо-сынактын алкагында баштапкы профсоюз уюмдарына методикалык жардам көрсөтүлүп, жер-жерлерде мыкты иштеп жатышкан жетекчилердин иштери менен таанышып, алардын базасында семинарлар өткөрүлдү.

      Комиссия мүчөлөрү канааттануу менен белгилешкендей, облустук комиссияга келип түшкөн материалдардын ичинен Ноокен районундагы №34 «Жазгак» орто мектебинин профсоюздук уюмунун төрайымы Халматова Майрам Тойчубековнанын, Жалал-Абад шаарындагы №14 С.Давлетов атындагы орто мектептин профсоюз уюмунун төрайымы Алымкулова Мискал (өнөктөштүк), Ала-Бука районундагы Жорокулов атындагы балдар бакчасынын профкомунун төрайымы Осмонова Айкөкүлдүн, ушул эле райондогу А.Турабаев атындагы орто мектептин баштапкы профсоюздук уюмунун төрайымы Баратова Зумраддын, (мектеп директору Шаанова Шааркул Шариповна). Базар-Коргон районундагы №6 Б.Осмонов атындагы мектеп-гимназиясынын баштапкы профсоюз уюмунун төрайымы М.Асанованын материалдары өзүнүн оргиналдуулугу менен айырмаланып, кароо-сынактын маанисин, маӊызын ачып берүү боюнча алгылыктуу иштер жүргүзүлгөндүгү белгилүү болду.

 

 

    Обкомдун төргасы К.Мурзакматов башында турган курамына А.Бегматов, З.Тургунбаева, А.Айдаров, А.Токтосуновдор кирген комиссия сынактын жыйынтыгы менен Ноокен районундагы №34 «Жазгак» орто мектебинин профсоюздук уюмунун төрайымы Халматова Майрам Топчубаевна  облустук турдун жеӊүүчүсү деп табылды, ал республикалык турга катышууга сунушталды.

 

    Мектепке чейинки балдар мекемелери боюнча облустуктун жеӊүүчүсү деп Ала-Бука районундагы А.Жорокулов атындагы балдар бакчасынын профсоюз уюмунун төрайымы Осмонова Айкөкүл Макамбаевна табылып, ага биринчи орун ыйгарылды.

 

Обкомдун уюштуруу бөлүмү.