Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жалал-Абаддыктар профсоюздук иш-чараларын Ысык-Көлдө өткөрүштү

Билим  берүү  жана  илим  кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад  облустук  комитети иш  планына ылайык 2019-жылдын 9-14-июль  күндөрү Ысык-Көл  облустунун Тоң районунда жайгашкан Борбордук Комитеттин демилгеси  жана  каражаты  менен курулган “Красная гвоздика” эс  алуу  борборунда “Эс  алуу  менен билим алабыз” аттуу профсоюздук  иш-чараларын өткөрдү.

Иш-чараларга Борбордук комитеттин  төрагасы А.Т.Токтогулов,финанса бөлүмүнүн  башчысы Н.К.Абикова, обкомдун  төрагасы А.А.Исмаилов, обкомдун жооптуу  кызматкерлери: А.Бегматов,А.Айдаров, З.Сулайманов, райшааркомдордун төрагалары,ЖАМУнун профкомунун төрагасы, укук  жана эмгек боюнча инспекторлору,райшааркомдордун  алдындагы жаштар кеңештеринин төрагалары, баштапкы  профсоюздук  уюмдун төрагалары, мектептердин жана  мектепке  чейинки билим берүү уюмдарынын директорлору, окуу бөлүмүнүн  башчылары,уюштуруучуулары    болуп  75 профсоюздук  актив  катышты.

Иш-чаралар төмөнкүдөй программа менен болуп өттү.

  1. 10-июль күнү саат10-00дон 12-00 чейин баштапкы профсоюздук уюмдардын төрагалары үчүн “Баштапкы профсоюздук уюмдардын ишмердүүлүгүн уюштуруу” темасында окуу семинары болду.
  2. 11-июль күнү саат10-00дон 12-00 чейин иш-чаранын катышуучулары “Манжыл-Ата”га зиярат кылышты.
  3. 11-июль күнү саат 14-00дон 16-00 чейин обкомдун президиумунун отуруму болуп өттү.
  4. 12-июль күнү саат 10-00дон 12-00 чейин обкомдун алдындагы жаштар кеңешинин жыйналышы жана окуу семинары өткөрүлдү.
  5. 12-июль кунү саат 18-00до “Жаштар- профсоюздун келечеги” темасында флешмоб болду.
  6. 13-июль күнү саат10-00дон 12-00чейин Борбордук Комитеттин төрагасы А.Т.Токтогулов менен жолугушуу болуп өттү.
  7. 13-июль күнү саат19-00дон 21-00 чейин “Ысык-Көл иш-чаралары бизге эмне берди?” темасында жыйынтыктоочу маданий кече өткөрүлдү.

Жогорудагы иш-чаралар обкомдун жетекчилиги жана жооптуу кызматкерлери тарабынан уюштурулуп өткөрүлдү.Жалал-Абаддык делегация эс алуу борборунда түзүп берилген шарттар  үчүн Борбордук Комитеттин төрагасы А.Т.Токтогуловко, обкомдун төрагасы А.А. Исмаиловко ыраазычылыктарын билдиришип, профсоюздук иштеринде ийгиликтер, бекем ден-соолук, үй-бүлөлүк  бакыт-таалай, профсоюз  активисттерге биримдик, ынтымактык,тилектештикти каалашты.

 

Материалды даярдаган:

Обкомдун инспектору

А.Айдаров