Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жалал-Абад шаарындагы билим берүү кызматкерлери жай мезгилинде ден-соолуктарын чыӊдап кайтышты

Билим берүү кызматкерлер профсоюзунун Жалал-Абад шаардык комитетинде да мугалимдердин мыйзамдуу укуктук-таламдарын  коргоодо бир топ иш-аракеттер болууда.  Шаардык комитеттин жетекчилиги алдында баштапкы уюмдар менен биргеликте мугалимдердин мыйзамдуу таламдарын коргоого зарыл жана керектүү эмгек шарттарын түзүүгɵ багыттоодо. Мына ушул максатта жыл ичинде  жайкы эс алуу мезгилинде профсоюз мүчɵлɵрүн жана алардын балдарынын ден-соолугун чыӊдоо, эс алдыруу багытында да шаардык комитет тарабынан бир катар иштер болду. Федерация тарабынан берилген акысыз жолдомо менен жыл ичинде “Жалал-Абад” санаториясында 5  , “Ала-Тоо” эс алуу үйүнɵ  2 ,“Кɵгүлтүр Ысык –Кɵл” санаториясында 2 , “Ысык-Ата” санаториясында 3, ”Арстанбап” эс алуу үйүнɵ 12, “Жалал-Абад” санаториясында курсовка ыкмасы менен 15 кызматкер  ɵз ден соолуктарын чыӊдап кайтышты. Мындай эс алуу жыл аягына чейин улантылмакчы.

Мындан тышкары жыл сайын  шаардагы мектептердеги,балдар бакчаларындагы иштеген  эмгек жамааттары Кыргызстандын кооз жайлары Арсланбапка,Сары-Челекке,Кара-Шорого,Падыша-Атага 870  ашуун профсоюз мүчɵлɵрү кыска мɵɵнɵттүү эс алууларга барууга мүмкүнчүлүк алышты. Мындай    коллективтүү эс алууга барган профсоюз мүчɵлɵрүнүн жол кире акыларына шаардык комитеттин бюджетинен 130.000 (бир жүз отуз миӊ) сом материалдык колдоолор берилди. Ошондой эле билим берүү кызматкерлеринин балдарын эс алдырууга да кɵӊүл бурулуп, 2015 –жылдын жай мезгилинде 23 бала Арсланбаптагы “Зорька”эс алуу лагеринде, ал эми 215 бала Кара-Алмадагы “Алтын балалык “эс алуу борборунда акысыз дем алып келишти.

    Мугалимдердин жана балдардын эс алуусуна жакшы шарттарды берген Кыргызстан Профсоюздар Федерациясынын торагасы Асылбек Токтогуловго,Жалал-Абад облсовпрофтун жана областтык комитеттин тёрагаларына, шаардык билим берүү жетекчилигине жалпы эс алган мугалимдердин ,тарбиячылардын атынан ыраазычылык билдиребиз.

Билим берүү кызматкерлер

профсоюзунун Жалал-Абад шаардык комитети