Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жалал-Абад шаарындагы Бекмамат Осмонов атындагы № 5 мектеп-гимназиясы жөнүндө маалымат

Жалал-Абад шаарындагы Бекмамат Осмонов атындагы № 5 мектеп-гимназиясы 1965-жылы 840орунга курулган, бүгүнкү күндө 1700 жакын окуучулар билим алууда, 100 жакын мугалим эмгектенүүдө.

Мектеп-гимназияда администрация менен жана баштапкы профсоюз уюмунун ортосунда түзүлгөн жамааттык келишим талапка ылайык жүргүзүлүп, мугалимдер жана алардын социалдык-экономикалык кызыкчылыктарын коргоо боюнча иштерди өркүндөтүүгө басым жасалат. Мугалимдердин сабактан бош учурларында убактыларын мазмундуу өткөрүүгө шарт түзүү максатында атайын эс алуу бөлмө уюштурулган. Мектеп администрациясы, профсоюздук уюму менен бирдикте эс алуу бөлмөсүн тиешелүү эмеректер менен жабдуу иштери жүргүзүлдү. Телевизор көрүп, китептер, гезиттердин тиркемелери жаңылыктар менен таанышууга, сабактарга даярданууга мугалимдерге мүмкүнчүлүктөр жаратылган.

2010-2012-жылдагы мектептин материалдык-техникалык базасын чыңдоо багытында жүргүзүлгөн иш аракеттер жөнүндө:

1.  Жыл сайын демөөрчүлөр тарабынан олимпиаданын жеңүүлөрүнө акчалай сыйлыктар үчүн 30 000 сом уюштурулду.

2.   ЮАСИДдин Коомдук Фонду «Сэйф зе Чилдрен Федерейшн, Инк» тарабынан Хореография залын ачуу максатында 232549 сомдук проект өтүп, анын ичинен софинансированиеге 53 000 сомду шаардык мэрия, 40 000 сомду ата-энелер коомчулугу жардам беришти.

3.   Мектеп администрациясы жана кесиптик уюму тарабынан «Мугалимдер күнүнө» карата ар бир мугалимге (8800 сомдук) эки даанадан конфетница белекке берилди.

4.    Демөөрчүлөр тарабынан 35 000 сом берилип, Жаңы жылдык «Балаты» майрамына узундугу 4 метрлик балаты сатып алынды, 9 жомоктордун каармандарынын костюмдары тигилди жана бардык 1-4-класстарынын окуучуларына, мугалимдердин балдарына жана жетим, жарым жетим, майып балдарга Аяз-атанын оюнчуктары тапшырылды.

5.   Демөөрчүлөр тарабынан 25-май күнү алдыңкы мугалимдерге 500 сомдон сыйлыктар, окуунун отличниктери 20 мугалим жана 25 окуучу Б. Осмонов атындагы стипендия жана акчалай сыйлыктарга ээ болушту. (20 000 сом)

6.   Окуу жыл ичинде кесиптик уюмдун шаардык комитети тарабынан  А. Мамашованын демилгеси менен жардамга муктаж болгон мектеп мугалимдери Лабурина Н.М., Секретина В.Д., Полтарацкая Г.В., Тургунбаева Б., Жалалов О.га  1000-2000 сомдон материалдык жардам алынып шаардык комитетинен берилди, ошону менен бирге ар бир  майрамга педагогикалык жамаатка 5000 сом бөлүнүп берилди.

7.  Шаардык билим берүү башкармасы тарабынан 2 класс-комплект эмерек, методкабинет учун 4 комплект шкафтар, жалпы суммасы (200 000 сомдук).

8.   ШБББ тарабынан 320 000 сом бөлүнүп, мектептин 1-кабатынын жылытуу системасы ремонттон өткөрүлдү.

9.  ШБББ тарабынан мектепке керектүү оргтехникалар үчүн      50 000 сом бөлүндү.

Мектеп-гимназиясынын баштапкы профсоюздук уюму «Жылдын мыкты профсоюздук уюму» кароо-сынагынын облустук турунда 1-орунду жеңип алып, I даражадагы диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланган.

Жакында мектеп-гимназиясынын базасында  билим берүү кызматкерлеринин облустук кесиптик кошунунун жетекчилиги менен облустук семинар өткөрүлдү. Ал эми мектепте ар кандай актуалдуу темаларда лекциялар окулуп, практикалык иштер жүргүзүлүп келет. 2011-2012 окуу жылында мугалимдер күнүнө 5000 сом, жаңы жылга 5000 сом, 6 мугалимге 500 сомдон материалдык жардам берилсе, жайкы каникулда 16 мугалим Ысык-Көлгө, 1 мугалим Ысык-Атага  барып эс алып, дарыланып келишти. Биргелешкен иш жыйынтыгынын натыйжасында мугалимдердин кесиптик күнүнө карата мектеп-гимназиясынын кесиптик кошунунун төрайымы Айнура Мамашева «Билим, илим профсоюзунун отличниги» төш белгиси менен сыйланды.

Жалал-Абад шаардык билим берүү башкармасы тарабынан көрсөтүлүп, быйылкы жылы мектеп «Жылдын мыкты мектеби», «Жылдын мыкты жетекчиси» номинацияларына ээ болду.

Мектеп гимназиясынын администрациясы менен баштапкы профсоюз уюму тарабынан түзүлгөн келишимдин талаптарына ылайык мугалимдердин мындан ары да талыкпай иштөөсүүнө шарт түзүү үчүн жасай турган иштер али алдыда.

Мектеп директору Мамытова Кульнара Мухаметовна «Жылдын мыкты социалдык өнөктөшү-2012» республикалык кароо-сынагынын ыйгарылуу менен Гран-При сыйлыгы менен сыланды.