Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жалал-Абад облусунда «Кесиби боюнча мыкты» республикалык кароо-сынак жыйынтыкталды.

2013-жылдын   13-декабрында  Билим,   илим   профсоюзунун  Жалал-Абад    облустук  комитетинин   кезектеги  Президиумунун  жыйналышы   болуп,  анда   Кыргызстан  Профсоюздар  Федерациясы  тарабынан жарыяланган    «Кесиби  боюнча    мыкты»    республикалык   кароо-сынак   жыйынтыкталды.

  1. Кыргыз Республикасында «Иштерман жылында » кароо-сынактын  облустук турунда мыкты көрсөткүчтөрдү камсыз кылгандыгы учун 1-орун Ноокен районундагы №8 Т.Орозматов атындагы орто мектептин директору Акматалиева Бүбайшага ыйгарылды. Ал биринчи даражадагы диплом жана 5000 (беш миң ) сом өлчөмдө акчалай  сыйланды.
  2. 1-орун Кара-Кол шаарындагы №1 Токтогул атындагы орто мектептин директору Көкөева Гульбайрага ыйгарылды. Ал биринчи даражадагы диплом жана  5000 (Беш миң) сом өлчөмдө акчалай  сыйланды.

Профсоюздардын Жалал-Абад  облустук  кеңешинде өтүүчү кароо-сынакка сунушталды.

  1. “2013-жылдын мыкты профкомунун төрайымы” номинациясы  боюнча 1-орун Ноокен       

районундагы №8 Т.Орозматова  атындагы орто мектептин профкомунун төрайымы Маматова Зыйнатка ыйгарылып, 1-даражадагы диплом жана 5000 (беш миң ) сом өлчөмдө акчалай  сыйланды.

  1. Мектепке чейинки балдар мекемелери боюнча кароо-сынактын жыйынтыгы менен Жалал-Абад шаарындагы №14 “Актилек ” балдар бакчасынын  директору Амиракулова Марапаткан 1-орун ыйгарылды. Ал 1- даражадагы диплом жана 5000 (беш мин ) сом өлчөмдө  акчалай  сыйланды.
  2. 1-орун Ала-Бука районундагы Октябрь орто мектебинин информатика мугалими Атахожаев Зиедханга ыйгарылып, 1- даражадагы диплом жана 5000 (беш миң ) сом өлчөмдө  акчалай  сыйланды.
  3.  Кароо-сынакта мыкты ийгиликтерди камсыз кылгандыгы жана өнөктөштүктү өркүндөтүүгө  кошкон салымы үчүн Сузак районундагы №9 Мичурин атындагы орто мектептин директору Акматова Батмага – 2-орун ыйгарылды.

Кара-Көл шаарындагы №3 “Келечек” балдар бакчасынын  тарбиячысы Койбакова  Токтобүбү 2-орун ыйгарылды.

Алар 2- даражадагы диплом жана 4000 (торт мин)сом олчомдогу акчалай  сыйланишты.

  1.   Алгылыктуу ийгиликтерди  камсыз кылгандыгы үчүн 3-орун Аксы районундагы    Т.Үмөталиев     атындагы орто мектептин директору  Ташбаев  Ысакжанга жана Жалал-Абад шаарындагы №2 орто мектептин  профсоюз уюмунун Мамадалиев  Хосиятханга ыйгарылды. Алар 3 -даражадагы  диплом  жана  3000 (үч миң) сом  өлчөмдө акчалай  сыйланды.
  2.  Кароо-сынактын ишине активдүү  катышкандыктары үчүн Базар-Коргон районундагы  №6 Б.Осмонов атындагы орто мектептин директору   Т. Машрапов, Аксы районундагы  “Жеткинчек” балдар бакчасынын  тарбиячысы  Үмөтөва Айымкан , Кара-Көл шаарындагы  №3 “Келечек” балдар бакчасынын  тарбиячысы Чокморова Нускайым демилгелүү иштешип, профсоюз мүчөлөрүнүн  социалдык-экономикалык кызыкчылыктарын коргоого кошкон саламдары белгиленип, аларга “Ыраазычылык кат” жарыяланып,.

Ар бири   1000 (бир миң) сом  өлчөмдөгү акчалай  сыйланды.

  1. Кароо-сынактын системалуу түрдө уюштуруп өткөрүүдө мыкты эмгектенгендиктери үчүн  А. Бабакулов (Аксы), З.Тургунбаев (Жалал-Абад), А Исмаилов (Сузак), А.Каракозуева (Кара-Көл), Ж. Дурусалиев (Ала-Бука), А.Айдаров (Ноокен) 10 күндү  мөөнөт менен 2014-жылдын январь, февраль айларында “Жалал-Абад” санаторийинде эс алууга жолдомолор берилди.

Президиум  мүчөлөрү  тарабынан  калыстар  тобуна  жана  облустук  комитетке  ыраазычылыктарын  билдиришип,  активдүү  иштөөгө   убадаларын   беришти.


 

 

Билим,  илим   профсоюзунун  Жалал-Абад   облустук  комитетинин  Президиумунун   мүчөсү,  

 А.  Айдаров.