Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жалал-Абад облустук билим берүү кызматкерлеринин «Ден-соолук-2017» Спартакиадасы жыйынтыкталды

        Билим  берүү  жана  илим  кызматкерлеринин  Жалал-Абад  облустук  комитетинин  жылдык  иш планына  ылайык  «2017-жыл-Ыйман, адеп  жана  маданият  жылы»  иш  чараларынын  алкагында  билим  берүү  кызматкерлеринин «Ден-соолук-2017»  спартакиадасы 19-21-май  күндөрү  Токтогул  шаарында  болуп  анда  12  райшаарлардан  350 спортчу   катышты.

        Спартакиаданын  ачылышы  Профсоюдардын Жалал-Абад  облустук Кеңешинин  1-төрагасы  Эргеш  Ормонов атындагы райондук   стадиондо өткөрүлдү.  Спорттук  иш-чараны облустук комитеттин  төрагасы  Абдукахар Арапович  Исмаилов ачып, спортчуларды  куттуктап, спартакиаданын  ишине  ийгиликтерди  каалады.

     Спортчуларга  Токтогул  райондук  мамлекеттик  администрациясынын  башчсы-аким Майорбек  Асанканович  Сатымкулов, Токтогул шаарынын  мэри-   Марат  Сагынбаевич Калмурзаев, райондук  билим берүү  бөлүмүнүн  башчысы Дамира Кайсарбаевна Сулпукорова      « Куш  келиңездер! Токтогул  жергесине!»  деп- жакшы  каалоолорун  билдиришип, мелдештерде   ийгиликтер  каалашты.Стадиондо  шаңдүү музыкалардын  коштосунда командалар   параддан  өтүшүп, КРнын  желеги  көтөрүлдү.

        Спорттук   мелдештер  Токтогул  жана  Мулкубатов атындагы  орто  мектептердин  базаларында  уюштурулуп, аларга толук  шарттар  тщзщлдщ. Облустук  Спартакиаданын  катышучуларын  тамак- аш  жана жатакана  менен  камсыздоо  толугу менен  облустук  комитет ,  жол  кире  акылары  райшааркомдор тарабынан каржыланды.

        Спартакиада спорттун   волейбол,стол  тенниси,тогуз  коргоол,  шахмат,ордо  түрлөрү боюнча төмөндөгүдөй жыйынтыкталды.

  Командалык  эсепте  1-орунду   Токтогул  району,  2-орунду Сузак  району,3-орунду  Жалал-Абад  шаары,4-орунду  Ноокен райондору  ээлешти.

  Токтогул  районунун  жана облустук жетекчилер тарабынан жеңүүчүлөргө сыйлыктар, 30 кубок,  медалдар, дипломдор  салтанаттуу  түрдө  тапшырылды.

 

 

Жалал-Абад Обкомунун пресс-катчысы:

                                                                                            Абдыкадырова Махабат