Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жалал-Абад шаарындагы мектептерде билим күнү белгиленди

Жалал-Абад шаарындагы Раатбек Санатбаев атындагы №9 мектеп-гимназиясында 15-сентябрда билим күнү белгиленип, окуучуларды жана педагогикалык жамаатты Жалал-Абад шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Эрнист Зияйдинов, Жалал-Абад шаардык кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Максат Мамасыдыков баштаган жетекчилер куттукташты. Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад шаардык комитетинин төрагасы М.Мамасыдыков бүгүнкү 15-сентябрь билим күнү менен окуучуларды жана мугалимдерди куттуктоо менен аларга окуудагы ийгиликтерди каалады.

-Урматтуу окуучулар, ардактуу кесиптештер!

Бүгүнкү жаңы окуу жылынын башталышы - Билим күнү менен баарыңыздарды кесиптик бирлик комитетинин жана жеке өзүмдүн атымдан кызуу куттуктаймын. Сиздердин мектебиңиздер шаардагы эң алдыңкы мектеп болуп келе жатат, муну баарыбыз билебиз. Бул мектептин окуучулары областтык, республикалык олимпиадаларда алдыңкы орундарды ээлеп келишет. Мектебиңиздерде мындан ары да ийгиликтер көп болсун. Жакшы окуңуздар. Бүгүнкү майрамыңыздар кут болсун! - деди М.Мамасыдыков

Эскерте кетсек, быйылкы жаңы окуу жылында Жалал-Абад шаарында 24 мектеп иштеп жатат. Ал мектептерге жалпысынан жаңы 3000 окуучу кабыл алынды.

 

Маалыматты даярдаган: Жалал-Абад шаардык кесиптик бирлик комитети