Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жалал-Абад шаарында өрт коопсуздугун алдын алууга машыгуу болуп өттү

Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу №4 “Алтын-Балалык” балдар бакчасында өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча атайын машыгуу болуп өттү.

Машыгуу өрт коопсуздугун, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана аны болтурбоо максатында өткөрүлдү.

Машыгууга ӨКМнын Жалал-Абад облустук башкармалыгы, Жалал-Абад шаардык өрткө каршы бөлүмү, медицина, милиция кызматкерлери жана шаардык билим берүү бөлүмү, профсоюздун Жалал-Абад шаардык комитетинин адистери катышышты.

Өрткө каршы машыгууда бакчадагы 13 тарбиячыны , 89 тарбиялануучуну куткарышып, чыккан өрттү өз убагында өчүрүштү.

Машыгуудан соң бакча кызматкерлерине ӨКМнын өрткө каршы бөлүмүнүн адистери өрт коопсуздугунун  эрежелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, өрт өчүрүү шаймандарынын колдонулушун практика жүзүндө көрсөтүп үйрөтүштү.

 

 

 

Маалыматты даярдаган:

Профсоюздун Жалал-Абад шааркомунун адиси

М.Мамасыдыков