Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жалал-Абад шаарында предметтик олимпиаданын регионалдык туру болуп өттү

24-25-март күндөрү Жалал-Абад шаарынын Курманбек Баатыр атындагы Жалал-Абад лицейинде окуучулар арасында предметтик олимпиаданын регионалдык туру болуп, ага Базар-Коргон районуна караштуу мектептерден алдыңкы окуучулар катышты.

Базар-Коргон районунун А.С.Макаренко атындагы №1 гимназия мектебинин орус-тил мугалими Сангаджиева Наталья Анатольевнанын 10-классынын окуучусу Жолобова Анастасия орус тил предметинен II орунду алып келди.

Райкомдун төрагасы С.Жаркынбаев Н.А.Сангаджиева жана А.Жолобованы II-орунду алгандыгы менен куттуктап, мугалимдердин окуучуларга билим берүүдө жана тарбиялоодо орду зор экендигин билдирип, ийгиликтерди каалап кетти.

 

Материалды даярдаган: К.Асыранкулов