Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жалал-Абад шаарында мугалимдердин август кеңешмеси өттү

Жалал-Абад шаарында “Сапаттуу билим берүү жана руханий адеп-ахлактык тарбия - өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизи” аттуу шаардык мугалимдердин август кеңешмеси өттү. Ага Жалал-Абад шаарынын мэри Э.Ормоков, Жогорку Кеңештин депутаты А.Осмонова, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ы.Калчаев, вице-мэр Г.Таштанбекова, Жалал-Абад шаардык кесиптик бирлик комитетинин төрагасы М.Мамасыдыков жана башка мекеме-ишканалардын жетекчилери, мектеп директорлору, жалпысынан 400гө жакын мугалимдер катышты.

Мэр Эрнисбек Ормоков өз сөзүндө дүйнөдө күндөн күнгө жаңы технология өнүгүп, улам жаңы багыттарды ачып, окуу методикасына жаңыча багыт менен билим берүү керектигин айтты.  Быйыл 2021-2022-жаңы окуу жылында көп тилдүү билим берүүнү өнүктүрүү, санарип мектеп моделин жайылтуу керектигин кошумчалады.

Кеңешменин жүрүшүндө шаардык билим берүү бөлүмүнүн жыл ичиндеги жетишкендиктери тууралуу видеослайд көрсөтүлдү. Мектеп директорлору жарыш сөзгө чыгып, билим берүүдөгү өзгөчөлүктөр тууралуу докладдарды окушту.

Соңунда билим берүүнүн өнүгүшүнө өзгөчө салым кошкон, кызматтык милдетине карата ак ниет мамилеси үчүн бир катар кызматкерлерге шаардын Ардак грамотасы тапшырылды. Мындан сырткары эл аралык олимпиадаларга активдүү катышкандыгы, билим берүү чөйрөсүндөгү жогорку жетишкендиктери үчүн Курманбек Баатыр атындагы Жалал-Абад лицейинин окуучулары сыйланышты.

 

 

Маалыматты даярдаган: Жалал-Абад шаардык кесиптик бирлик комитети