Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жалал-Абад шаарында майрамдык парад өттү

Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгы Жалал-Абад шаарында да жогорку деңгээлде өттү. Бул саамалыкка Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Ырысбек Калчаев жетектеген мугалимдер жамааты жана Жалал-Абад шаардык кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Максат Мамасыдыков менен биргеликте жөө жүрүш парадына чыкты.

Параддын жүрүшүндө шаардагы билим берүү тармагындагы ийгиликтерге жетишкен мугалимдердин “Жылдын мыкты мугалими 2021”, “Алтын тамга”, “Мыкты класс жетекчи” жана мыкты мектеп ээлери аталган ысымдар жаңырып турду.

Эскерте кетсек быйыл шаар боюнча 37 бүтүрүүчү “Алтын тамга” ээси болду. Ал эми жалпы республикалык тестирлөөдөн 2 окуучу алтын сертификат алып, ондон ашык бүтүрүүчү жогорку баллды багындырды. Алтын сертификатга ээ болгондордун бири Бабкин атындагы №1 мектептин бүтүрүүчүсү Бекжан Касымбеков 223 балл алган, ал эми экинчичи алтын сертификатты Курманбек баатыр атындагы №15 балдар лицейинин бүтүрүүчүсү Актан Календаров 220 балл алган.

 

Маалыматты даярдаган: Жалал-Абад шаардык КБКнын төрагасы М.Мамасыдыков