Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жалал-Абад шаары 2018-жылдын мыкты мугалимин таӊдап алды

   Жалал-Абад шаарында  19-апрель күнү  “2018-жылдын мыкты мугалими” аттуу кароо сынагы өткөрүлдү.

Кароо сынакка шаар боюнча жалпы 19 мугалим катышып, алар өзүн-өзү тааныштыруу, тест белгилөө, эссе жазуу, мастер-класс көргөзүү, үй тапшырмасы жана ачык сабак өтүү шарттарын аткарышты

Баш байгени М.Бабкин атындагы №1 мектеп гимназиясынын англис тили мугалими Тиленова Венера ээлеп облустук турга катышуу үчүн жолдомо алды.

Маалыматты даярдаган: Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун             

Жалал-Абад шаардык комитетинин уюштуруу иштери боюнча адиси Максат Мамасыдыков.