Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жалал - Абад облустук Жаштар Кеңешинин эмблемасы тандалды!

2019-жылдын 15-январында Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитети облустук Жаштар Кеңешинин эмблемасынын үлгүсүн ойлоп табуу боюнча сынак жарыялаган. Сынакка бардык райшаардык Жаштар Кеңештери катышышып, атайын түзүлгөн комиссия курамы менен текшерилди. Сынакта Ноокен райондук Жаштар Кеңеши биринчи орунга ээ болуп, Жалал-Абад шаардык Жаштар Кеңеши экинчи орунду ээледи.

Комиссия Жалал-Абад облустук Жаштар Кеңешинин эмблемасын ар бир райшаардан келген үлгүлөрдөн алып курама эмблеманы жасоону сунушташты. Курама эмблемада Жалал-Абад шаардык жана Ноокен райондук Жаштар Кеңештери тарабынан келген үлгүлөрдөн алынып жасалды. Эмблемада Жалал-Абад облусунун картасы,  Жалал-Абадтын облусунун дарбазасы, билим берүү тармагынын китепчеси жана жаштар чагылдырылган.

 

 

------------------------------

Маалыматты даярдаган:

Жалал-Абад шаардык Жаштар Кеңешинин төрагасы

Максат Мамасыдыков