Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жалал-Абад облустук профсоюз комитети тарабынан профсоюз мүчөлөрүнө жардам берүү уланууда

Билим  берүү  жана  илим  кызматкерлеринин  профсоюзунун  Жалал-Абад  облустук  комитети тарабанан     «COVID-19»  илдетин алдын алуу максатында коргоочу каражаттар: медициналык бет кап (маска) жана антисептик менен   Базар-Коргон  районунун Билим  берүү  жана  илим  кызматкерлеринин  профсоюзунун  мүчөлөрүнө жардам берди. Учурдагы кырдаалдан аман-эсен чыгуу жана илдетти бирге жеңүү ар бир уюмдун, коомдун максаты.  Кыйын шартта  мүчөлөрүнөн,  кызматкерлеринен кабар алуу жана жардам сунуу  жакшы иштердин бири болуп эсептелинет. Ушундай жакшы иштерди  профсоюз комитети жасап,  өз мүчөлөрүнө ар дайым колдоо көрсөтүп, жардам берип келе жатат. Жалал-Абад  облустук профсоюз комитети  тарабынан,  профсоюз      мүчөлөрү  үчүн  берилген   медициналык бет кап жана антисептик иретиндеги жардамын  Базар-Коргон  райондук профсоюз комитети өз мүчөлөрүнө:  109 билим берүүчү мекеме-уюмдарына таркатып берди. Базар-Коргон     райкомунун төрагасы  С.  Жаркынбаев   “облустук профсоюз комитети” мүчөлөрүнө  дайыма ар тараптуу колдоо көрсөтүп жаткандыгын билдирип,  элдин  ден-соолугу  жакшы болсо бардык иштер ийгиликтүү болорун айтып,    билим  жана  илим  кызматкерлеринин  профсоюзунун   мүчөлөрүнө  чын ден-соолук, узун-өмүр каалады. Профсоюз комитетинин  мүчөлөрү “мугалимдерге жана  билим берүү кызматкерлерине”  санитардык-гигиеналык каражаттар менен убагында жардам берилип жаткандыгын белгилешип, Билим  берүү  жана  илим  кызматкерлеринин  профсоюзунун  Жалал-Абад  облустук  комитетине ыраазычылыктарын билдиришти жана элибиздин амандыгын тилешип, жакшы  ой-максаттарды   айтып  өтүштү.

 

 

Материалды  даярдаган: райкомдун  инспектору  К.  Асыранкулов