Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жалал-Абад облустук комитетинин төрагасы жана обкомдун инспектору профсоюз мүчөлөрүнөн кабар алды.

Базар-Коргон  районунун  Арстанбап  айыл  аймагында жайгашкан  “Кош-Терек” негизги  билим  берүүчү мектебинде  бүгүн,    2020-жыл  13-сентябры  күнү  жакшы иш-чара болуп өттү. Иш-чарага Билим  берүү  жана  илим  кызматкерлеринин  профсоюзунун  Жалал-Абад  облустук  комитетинин  төрагасы  А.А.  Исмаилов,  обкомдун  инспектору  А.Айдаров, Базар-Коргон  райкомунун  төрагасы  С.С. Жаркынбаев жана мектеп жамааты  катышты. Келген меймандар мектептин жетишкендиктерин көрүшүп, жогору баалашты:   атап айтсак  3  класстык  бөлмөнүн  курулушу жеке ишкер Акылбек  уулу  Айбектин  демөөрчүлүгү  менен  башталып   жаткандыгы,    10 000 000 ( он миллион) сом болгон жаңы спорт залды    жеке ишкер  К.А.Досматовтун   демөөрчүлүгү менен   курулуп, бүткөрүп берген. Ушундай жетишкендиктерге  айыл тургундарынын, демөөрчүлөрдүн,  мектеп жамаатынын жана мектеп директорунун  салымдары  зор экендигин иш-чарага катышкандар билдиришти. Жалал-Абад  облустук  комитетинин  төрагасы  А.А.  Исмаилов    “Кош-Терек” негизги  билим  берүүчү  мектебинде    эмгектенүү жана  билим  берүү шарттарын  жакшыртуу  багытында  жакшы  иштер  болуп  жаткандыгына  күбө болгондугун   айтып,  жакшы иштердин башында туруп, социалдык   өнөктөштөр   менен биргеликте   жетишкен  ийгиликтери үчүн   мектептин директору  Р. Убайдуллаевке   Кыргыз Республикасынын  Билим жана  илим  кызматкерлеринин  профсоюзунун  Борбордук Комитетинин төрагасы Токтогулов Асылбек Токтогуловичтин кол коюлган  “Билим, илим  профсоюзунун  отличниги”  төш  белгисин тапшырып, сыйлады. Ошондой эле ушул айылдын, селден жабыркаган  мектептин мугалими М. Хасанбаевке  материалдык  жардам  көрсөтүлдү. Базар-Коргон  райкомунун  төрагасы  С. Жаркынбаев мектепте жүрүп жаткан иштерге жогору баа берип, жакшы  иштер улана беришин айтты.  Райкомунун  төрагасы  С. Жаркынбаев, мектеп  директору  Р.Убайдуллаев  жана  мугалим М. Хасанбаевтер  обкомдун  төрагасы  А.Исмаиловко   ыраазычылыктарын  билдиришти. Мектеп жамааты    профсоюздун колдооп жаткандыгына чоң рахмат айтышып,  келген   профсоюз лидерлерине иштерине ийгилик, жакшылыктарды каалашты.  

 

Материалды  даярдаган: райкомдун  инспектору  К.  Асыранкулов