Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жалал-Абад облустук комитетинин төрагасы Ооган согушунун ардагерлерин - профсоюз мүчөлөрүн сыйлады

2021-жылдын 19-февраль күнү Билим берүү жана илим  кызматкерлеринин Базар-Коргон райондук профсоюз комитетинин мүчөлөрү, Ооган согушунун ардагерлери №4 А. Навои атындагы орто мектебинин мугалими Ш.Ханалиев жана №39 Бел-Терек  атындагы орто мектебинин мугалими  С. Энназаровту Жалал-Абад облустук  комитетинин төрагасы А.А.Исмаилов 15-февраль  Ооганчылардын күнү, 23-февраль Ата-Мекенди  коргоочүларынын майрамдары  менен  куттуктады.

Обкомдун төрагасы А.А.Исмаилов ардагерлерге чын ден-соолук, бакубат жашоо, жакшылыктарды каалап, "Ардак Грамотасын"  жана атайын сыйлыктарын тапшырып, сыйлады.

Кесиптешибиз, мүчөбүз Ш.Ханалиев Ооган жана Баткен жоокерлеринен кабар алып, ардагерлерди колдооп жаткандыгы үчүн обкомдун төрагасы А.Исмаиловко, профсоюз комитетине ыраазычылыгын билдирди.

Ардагер, мүчөбүз С.Энназаров  профсоюз комитети бар болгондуктан, билим берүү тармагында эмгектенип жаткан ооганчы, баткенчи жоокер кесиптештерибизге колдоо көрсөтүлүп, дем берип жаткандыгын билдирип, Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюз комитетинин лидерлеринин иштерине ийгиликтерди каалады.

 

 

 

Материалды  даярдаган: райкомдун  инспектору  К.  Асыранкулов