Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жалал-Абад облустук комитети “Карыяларды кадырлоо” акциясын өткөрүүдө.

Билим  берүү  жана илим  кызматкерлеринин профсоюзунун  Жалал-Абад  облустук  комитети  “ Карыяларды  кадырлоо” айлыгынын  алкагында  2020-жылдын  20-октябры  күнү  облустагы  300 карыя-ардагер  билим  берүү  кызматкерлери үчүн  даярдалган  белектерин   Базар-Коргон, Ноокен, Чаткал, Ала-Бука,  Аксы,  Токтогул  райкомдоруна,  Майлуу-Суу, Таш-Көмүр, Кара-Көл  шааркомдоруна  жеткирип,  обкомдун  жооптуу  кызматкерлери  А.  Айдаров,  З. Сулаймановтор  тарабынан  тапшырылды. Акциянын   жүрүшүндө райшааркомдордун  төрагалары  каалоо,  тилектерин  айтышып,  Борбордук  Комитетин  төрагасы  А.Токтогуловко,  обкомдун  төрагасы  А.Исмаиловко  ыраазычылыктарын  билдиришти.

 

Материалды  даярдаган: Обкомдун  инспектору  А.Айдаров.