Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жалал-Абад Обллусунун Ала-Бука районунда Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата иш чаралар өткөрүлдү.

Жалал-Абад Обллусунун Ала-Бука районунда Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата иш чаралар өткөрүлдү.

№ 1 «Күнчубак» мектепке чейинки билим берүү уюмунда 1-июнь балдарды коргоо күнүнө карата ”Күн нурунан жаралган биз бактылуу балдарбыз” аттуу майрамдык салтанат өткөрүлдү.

Балдар бакчасы күдөгүдөн өзгөчө балдарды кубантыпбалдар жөнүндө ырлар ырдалып бакчаныничи кооз шаарга айланды . Майрамдык салтанатка бакча жааматы ата энелер тарбиялануучулар жогорку даярдыкта келишти. Майрамды балдар бакчанын директору Айсара Көчөрова ачып балдарга каалоо тилектерин айтуу менен ачты.

Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ч.Турдукулова, билим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитетинин төрагасы Ж.Дурусалиевдер балдар үчүн калоо тилектерин айтышып акчалай белектерин беришти.

Ата энелер балдары үчүн ойтилектерин, калоолорун бакча кызматкерлерине билдире албай кубанычтары койнуна батпай жатты себеби: бакчадагы жаратылган шартка ата энелер фондунан 167000 сомго балдар ойноочу шаарча куруганына балдары шаарчада ар түрдүү ойноочу эмеректерде жүргөнүнө кубанычтуу эле.

Куттуктоо үчүн Ала-Бука аймагынын депутаттар кеңешинин төрагасы М.Мамырбеков, Ала-Бука айыл аймагынын башчысынын орун басары А.Токтобаев жалпы депутаттар менен бирге келип куттуктоо сөздөрүн айтышып 22000 сомдук муздаткыч 650 сомдук отургуч , 32500 столдорду тапшырышты. Бөбөктөр тарабынан ыр бийлер тартууланды.

Ушундай иш чаралар райондогу бардык мектеп балдар бакчаларында болуп өттү.