Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жалал-Абад областынын билим берүү кызматкерлери Ысык-Көлдө эс алып келишти

2021-жылдын 25-июль күнү Ысык-Көл областынын Тоң районунун Тоң айылында жайгашкан Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук Комитетинин “Красная Гвоздика” эс алуу борборуна Жалал-Абад областынан 72 билим берүү кызматкерлери, анын ичинен Базар-Коргон районунун билим берүү мекемелеринен 10 мугалим жана техникалык кызматкерлер келип жайгашты. Ушул эле күнү “Красная Гвоздика” эс алуу борборунда  Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук Комитетинин төрагасы А.Токтогуловдун катышуусунда Жалал-Абад областынан эс алууга келген билим берүү кызматкерлери менен жолугушуу иш-чарасы болуп өттү.

Жолугушууну  кесиптик бирликтин Борбордук Комитетинин төрагасы А.Токтогулов ачып, билим берүү уюмдарынын кызматкерлерин эс алдыруу  максатында  көгүлтүр Ысык-Көлдүн жээгинде “Красная Гвоздика” ден-соолукту чындоо борбору уюшулгандыгын билдирип, ушул жылы эс алуу борборуна мүмкүн болушунча катардагы мугалимдер, бала бакча тарбиячылары жана техникалык кызматкерлер эс алуусуна өзгөчө көңүл  бурулгандыгын баса белгиледи. Эс алуучулар үчүн кесиптик бирликтин Борбордук Комитети тарабынан мүмкүн болушунча бардык шарттар түзүлгөн. Жатакана, тамак-аш экскурсиялар, ден соолукту чыңдоо үчүн ысык сууга алып баруу уюштурулган. Мугалимдер жаш муундарды тарбиялоо, билим берүү  аркылуу Кыргызстандын өнүгүшүнө чоң салым кошуп жаткандыгын, кесиптик бирлик ар дайым билим берүү  кызматкерлерин колдоп, коргоп келерин  белгилеп, билим берүү мекемелеринен келген кызматкерлерди жакшы эс алып, ден соолуктарын чыңдап кетүүлөрүн каалады.

Жалал-Абад областынан келген мугалимдер жана билим берүү кызматкерлери Ысык-Көлдө эс алуу жакшы жүрүп, көңүлдөгүдөй   болуп  жаткандыгын айтышып, көрсөткөн жогорудагы камкордуктар, көңүл буруулар аларга чыгармачылык менен иштөөгө дем берерин билдиришти.

Мугалимдердин жана  техникалык кызматкерлердин эс алуусуна   жакшы шарттарды түзүп  бергендиги  үчүн Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук Комитетинин  төрагасы А.Токтогуловго ыраазычылыктарын билдиришип, иштерине ийгилик, ден соолук каалашты.

 

Маалыматты даярдаган: райКБКнын адиси К.Асыранкулов