Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жалал-Абад областынын Ала-Бука районунда баштапкы кесиптик уюмдарынын арасында райондук семинар өткөрүлдү

Семинарды райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитетинин төрагасы Ж.Дурусалиев ачып 19-октябрь профсоюз кызматкерлеринин күнү менен куттуктап жогорку профсоюз органдарынан келген профсоюздун мыктысы төш белгилерди жана ардак грамоталарды тапшырды. Район боюнча 64 төрага, төрайымдар катышты

Семинардын биринчи бөлүгүндө комитеттин төрагасы иш кагаздарынын жүргүзүлүшү боюнча кеӊири  түшүндүрүп берилген суроолорго жоопторун берди.

Экинчи бөлүгүндө билим берүүдөгү райондук жаштар комитетинин төрайымы Сыдыкова Аля жер жерде жаштар комитетинин түзүлүшү жана алгачкы иш кагаздарынын , иш пландарынын түзүлүшү боюнча слайд аркылуу көрсөтүп жаштар билим берүүгө кандай жардам көрсөтө алат,  профсмоюздун ишин  алдыга тартууга көмөктөшөт деген түшүнүктү берди.

Үчүнчү бөлүгүндө райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык иштер боюнча орун басары Үсенбаева Калича Сатимбаевна кийинки кездерде профсоюздун орду билинип өнөктөштөр менен болгон аракеттер алдыга карай жылып жаткандыгын , жашоого карата эс алуулар облустан сыртары жактарга уюшулуп жатканына токтолуп билим берүү мекемелеринде ынтымакты мындан да жакшы сактап алдыга жылууга көмөктөшүүгө чакырып өттү.  Профсоюз чөйрөсүндө иштеген кызматкерлерди майрамы менен куттуктады. Андан кийин райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Турдукулова Чынара райондогу болуп жаткан иштерге кыскача токтолуп кесиптик уюмдардын ишине ийгилик каалоо менен майрамдары менен куттуктады.

Жыйынтыгында төрага, төрайымдар тарабынан берилгер суроолорго жооптор берилди. Семинардын катышуучулары ыразы болуп таркады.

 

 

Даярдаган уюштуруу тобу