Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жалал-Абад областтык спартакиада Кочкор-Ата шаарында өттү

 

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад областтык “Ден-соолук-2021” спартакиадасы 10-11-июнь күндөрү Кочкор-Ата шаарынын спорттук базасында, “Нефтчи” стадионунда, “Кыргызнефтегаз” ААКнын спорт комплексинде жана №14 Губкин, №15 Беки уулу Семетей, №16 Турусбеков жана №28 Ч.Айтматов атындагы орто мектептеринин базасында болуп өттү.

 

Спартакиада спорттун волейбол, кичи футбол, стритбол, шахмат, стол тенниси, тогуз коргоол ,ордо түрлөрү боюнча өткөрүлүп, 200дөн ашуун билим берүү кызматкерлеринен турган 9 команда катышышты.

Спартакиаданын ачылыш аземи жана жыйынтыктоо, сыйлоо бөлүктөрү “Нефтчи” стадионунда болуп өттү. Спортчуларды Ноокен райондук мамлекеттик адсминистрациясынын башчысынын биринчи орун басары Немат уулу Жайнак, Жалал-Абад областтык билим берүүнүн усулдук борборунун директору А.А.Токтосунов, билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад областтык комитетинин төрагасы А.А.Исмаилов, Кочкор-Ата шаардык мэриясынын муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин башчысы А.Шерматов, Кочкор-Ата шаардык кеңешинин төрагасы Н.А.Абдуразаков, Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т.Ж.Усенов, Жалал-Абад областтык балдардын жана өспүрүмдөрдүн спорт мектебинин директору Д.Аттокуров куттукташып, жакшы каалоолорун билдиришти.

 

Спортчуларга Масы жана Кочкор-Ата балдар чыгармачылык үйүнүн окуучулары чакан концерт тартуулашып, маанайларын көтөрүштү.

Спартакиаданын жыйынтыктары чыгарылып, жеңүүчү командаларга кесиптик бирликтин областтык комитетинин диплому, кубогу жана акчалай сыйлыктары тапшырылды.

 

Жалпы командалык эсепте 1-орунду Ноокен району, 2-орунду Сузак району, 3-орунду Жалал-Абад шаарынын командалары ээлешти.

Спартакиада билим берүү кызматкерлерине жаңы күч кубат, жагымдуу маанай, жакшы максаттарды тартуулады. Спроттук иш-чаранын уюштуруучуларына ыраазычылыктар билдирилди.

 

Маалыматты даярдаган: Жалал-Абад областтык КБКнын инспектору А.Айдаров