Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жалал-Абад областтык комитетинин төрагасы А.Исмаиловго ыраазычылык билдиребиз

Ноокен районуна караштуу №42 “Нур-Айым” балдар бакчасынын баштапкы кесиптик уюму  кесиптик бирликке мүчө болуп киргенден тартып, бакчада кесиптик уюмдун өнүгүүсү үчүн жакшы иштер жасалды. Бакча кызматкерлеринин мыйзамдуу укуктарын коргоо, жагымдуу шарттарды түзүү, коопсуздукту камсыздоо багытында социалдык өнөктөштөр менен биргеликте бир топ иштер аткарылды. Азыркы күндө бакчабыздын баштапкы кесиптик уюму районубуздагы эң алдынкылардын бири болуп саналат. Кесиптик уюмдун төрайымы А.Эрмекова жаш болгондугуна карабастан демилгелүү, ишине так жана чыгармачылык менен иш алып барат.

Бакчабызда “Профсоюз-ишенимдүү тирегибиз” аттуу областтык семинар өтүп, анда билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад областтык комитетинин төрагасы А.Исмаилов келип катышкан. Семинардын жыйынтыгында кесиптик уюмдун ишине ийгиликтерди каалап, бакчабыздын 10 кызматкерине Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы “Ала-Тоо” пансионатына эс алууга жолдомо берген. Анын негизинде 2021-жылдын 21-26–июль күндөрү бакча кызматкерлери барып эс алып келишти. Ысык-Көлдө эс алуу жакшы жүрүп, көңүлдөгүдөй болуп өткөндүгүн айтышып, көрсөткөн жогорудагы камкордуктар, көңүл буруулар аларга чыгармачылык менен иштөөгө дем берерин билдиришти.

Урматтуу Абдукахар Арапович, Сизге жана сиз жетектеген эмгек жамаатынызга терең ыраазычылык билдирүү менен бирге, сиздерге бекем ден-соолук, үй-бүлөңүздөргө тынчтык, аманчылык каалайбыз.

 

Маалыматты даярдаган: №42 “Нур-Айым” балдар бакчасынын директору К.Мурашева