Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жалал-Абад обкомунун төрагасы жаш профлидерлер менен жолукту

2021-жылдын 27-февраль күнү Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу № 90 Манас атындагы орто мектебинин базасында Жалал-Абад обкомунун алдындагы жаштар кеңешинин жыйыны болуп өттү.

Жыйындын жүрүшүндө төрт маселе каралды:

  1. Облустук жаштар кеңешинин курамына  өзгөртүүлөрдү  киргизүү  жөнүндө.
  2. Облустук жаштар  кеңешинин 2021-жылга иш  планын  бекитүү  жөнүндө.
  3. Облуста жаштар  кеңештерин  2018-2020-жылдарда  аткарган  иштери   жана  иш  тажрыйбаларынын  негизинде  усулдук  китепче  даярдоо  жөнүндө.
  4. “Жаш профлидер-2021”  кароосун  өткөрүү  жөнүндө.

Жыйынга Жалал-Абад обкомунун төрагасы А.Исмаилов катышып, жаштардын ой-пикир, сунуштарын укту.

 

Жаштарды колдоо, ишеним көрсөтүү, аларды жетекчилик кызматтарга даярдоо жана пайдалануу артыкчылыктуу багыттардын бири экендигин айтып өттү.

Ошондой эле жаштардан профсоюз тармагын өнүктүрүүдө  жаңы идеяларды, долбоорлорду күтөбүз жана колдойбуз деп кошумчалады.

 

Т.Бакиров

Ноокен райкомунун инспектору