Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жалал-Абад обкомунун президиуму болуп өттү

2022-жылдын 7-сентябрында Жалал-Абад обкомунун кезектеги президиуму онлайн форматта өттү. Анда райшааркомдордун төрагалары, укук жана эмгек боюнча инспекторлору жана обкомдун жооптуу кызматкерлери катышты.

Күн тартибинде төмөнкү маселелер талкуланды:

  1. Борбордук комитеттин Пленумунун (27-май 2022-жыл) токтомдорун райшааркомдор, окуу жайлар тарабынан аткарылышы жөнүндө.
  2. ”Жайкы эс алуу-2022” иш-чараларынын аткарылышы жөнүндө.
  3. Өзбекстандык кесиптештер менен тажрыйба алмашуу иш-чаралары тууралуу.
  4. Ар түрдүү маселелер.

Күн тартибиндеги маселелер боюнча обкомдун төрагасы А.Исмаилов кыскача маалыматтарды берди. Төрагалар окуу башталышы менен мугалимдер тарабынан коюлуп жаткан көйгөйлүү маселелер тууралуу айтышып, министрлик жана Борбордук комитет аркылуу чечиле турган сунуштарын беришти. Төрага А.Исмаилов берилген суроолорго жооп берип, проблемалар боюнча материалдарды жогорку органдарга жеткирүүнү жооптуу кызматкерлерге тапшырды.

Президиумда күн тартбиндеги маселелер боюнча тийиштүү токтомдор кабыл алынды.

 

Маалыматты  даярдаган: Жалал-Абад обкомунун инспектору А.Айдаров