Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин бириккен профсоюз комитетинин төрагасы Кубанычбек Маданович Болотбеков жакында эл ортону 50 жашка чыкты.

КУТТУКТОО

 

 

 

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин бириккен профсоюз комитетинин төрагасы Кубанычбек Маданович Болотбеков жакында эл ортону 50 жашка чыкты. Кесиптешибизди Борбордук Комитеттин президиуму жана аппараты, обкомдору, райкомдору жана шааркомдору, Жалал-Абад мамлекеттик университетинде социалдык өнөктөштөр катары иштеген кесиптештериңиз, “Позиция профсоюза” газетасынын редакциясы бул маанилүү жана айтылуу окуяңыз менен чын дилибизден куттуктайбыз!

Сиз бул кызматта иштеген жылдары облустук борбордун эң башкы жогорку окуу жайынын профессордук-окутуучулар жамаатынын жана студенттеринин мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону уюштуруу, жүргүзүү жана көзөмөлдөө боюнча зор аракеттерди көрүп келе жатасыз. Мына ушундай алгылыктуу иштерди аткаруудан улам Сиз биздин профсоюздун кадрларынын арасында өзүңүздүн татыктуу ордуңузду таба алдыңыз.

Сизге узун өмүр, чың ден соолук, иштеги ийгиликтерди тилек кылабыз.